Министр Д.Амангельдиев Жекшенкүл Кожошеваны 65 жылдык юбилейи менен куттуктады

Новости
23-Ноябрь 2021-ж.
4373

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызмат көрсөтүү рыногу башкармалыгынын атаандаштык саясаты бөлүмүнүн начальниги 65 жашка толду.

Министрликтин атынан жана жеке өзүнүн атынан министр Данияр Амангельдиев юбилейи менен куттуктады.

“Урматтуу Жекшенкүл Кожошевна!

Сизди Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 65 жылдык мааракеңиз менен куттуктайм!

Сиздин жогорку интеллектуалдык сапаттарыңыз, алдыга койгон максаттарыңызга жетүү жөндөмдүүлүгүңүздүн аркасында сиз өзүңүздүн талыкпаган эмгегиңиз, кесипкөйлүгүңүз, ак ниеттүүлүгүңүз жана принципалдуулугуңуз менен татыктуу, жооптуу кызматты ээлеп келесиз.

Сиздин ишке болгон сезимтал жана ак ниет мамилеңиз, жогорку көрсөткүчтөр менен көбөйүп, сизге компетенттүү кызматкер катары репутацияны, ошондой эле жоопкерчиликтүүлүк, жылуу мамиле, достук жана ошол эле учурда маселелерди жана милдеттерди чечүүдө талап коюучулук жана ак ниеттүүлүк сыяктуу жеке сапаттарды жаратты. Сизди жетекчилик жана бүткүл коллектив урматтайт.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк очоктун жылуулугун, жакындарыңыздын өз ара түшүнүшүүсүн каалайбыз! Жашооңуздун ар бир күнүн ийгилик коштоп, жан дүйнөңүз көп жылдар бою жаш бойдон калсын!”.


Урматым менен,

Министр                                                                      Д. Дж. Амангельдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу