2014-жылдын 1-январынан баштап жарандардын кайрылуулары 14 күндүн ичинде каралат.

Новости
12-Январь 2014-ж.
2738

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №144 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамына ылайык 2014-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат жана ал 30 күндөн ашпаган мөөнөткө узартылат.

Министрлик тарабынан 2013–жылдын жыйынтыгы боюнча 367 жарандын арызы кабыл алынган, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынан – 89, министрликтин өзүнө – 278 жаран кайрылган. Анын ичинен 319 документтин аткарылышы контролго коюлган, мөөнөтүндө 309 аткарылган.

Жарандардын кайрылууларында негизинен салыктар боюнча, жумушка орношуу, материалдык жардам, апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан ишкерлерге компенсация төлөп берүү, жогоруда аталган окуяларда жабыр тарткан ишкерлердин насыяларын жабуу, айлык акы боюнча маалымкаттарды берүү жана ар түрдүү маалыматтарды суроо жөнүндө маселелер көтөрүлгөн.

Жарандардан келип түшкөн арыздарынын баардыгы боюнча аналитикалык иш жүргүзүлгөн. “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бардык арыздар жана кайрылуулар белгиленген мөөнөттөрдө каралды, арыз берүүчүлөргө кат жүзүндө толук жооп берилди. Белгилеп кетчү нерсе, жарандардын ар бир кайрылуусу маселенин маңызы боюнча өтө кылдаттык менен каралып жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коюлган маселени объективдүү чечүү үчүн негиздүү чаралар кабыл алынды.

2013–жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтин “Коомдук кабылдамасына” 158 жаран кайрылган. Кайрылууралдын саны: эң көбү Бишкек шаарынан – 83, облустар боюнча: Чуй – 37, Ысык-Көл – 10, Нарын – 9, Ош – 6, Жалал – Абад – 5, Талас – 4, Баткен – 3, Россия - 1.

Негизинен жарандардын кайрылуусунда төмөнкү маселелер каралган: жумушка орноштуруу – 38, материалдык жардам көрсөтүү – 32 (революцияга катышкандарга, оорулуу балдарга, ата-энелерге, батирлерди, үйлөрдү курууга жана сатып алууга, ар түрдүү имараттарды оңдоого), Кумтор Оперейтинг Компани – 19, экономикалык сунуштар – 17, апрелдик революция – 16, өздүк суроо - 36 ж.б.у.с.

Кабыл алынган жарандардын 158 кайрылуусунун ичинен 156 маселеси оңунан чечилди, 2 кайрылууга маселенин маңызы боюнча мындан ары чечүү үчүн башка компетенттүү органдарга кайрылуу үчүн жолдомо каттар берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу