КР Экономика министри жана КЭРдин Шэньси провинциясынын вице – губернаторунун жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык маселелер талкууланды.

Новости
07-Январь 2014-ж.
2407

"IMGКыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Элдик Өкмөттүн Вице – губернатору Джуан Чансин башында турган Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Шеньси провинциясынын өкүлдөр тобу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, жер казуу жана жеңил өнөр жай, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризмди өнүктүрүү тармактарындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошону менен бирге тараптар КР Кара-Балта шаарындагы “Джунда” нефтти кайра иштетүүчү заводун жакынкы арада ишке киргизүү маселелерин талкуулашты. Жибек жол экономикалык алкагын өнүктүрүүнүн негизинде “биздин өлкөлөр мындан да тыгыз кызматташтыкты активдештирүү керек” деп белгилеп өттү министр Т. Сариев.

Мындан сырткары КЭРдин Шеньси провинциясынын өкүлдөр тобу КР Билим берүү жана илим министрлиги менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Шэньси Түндүк – батыш университети (КНР) жана БМУ (Кыргызстан) ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Мындан сырткары КР Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствосу жана Чүй облусундагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен да эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу