КР Экономика министрлигинин алдындагы СМБ стандарттардын ишке ашышы жөнүндө маалымдайт.

Новости
05-Ноябрь 2013-ж.
2469

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын 17 беренесине жана 2010-жылдын 12-февралында КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Стандартташтыруу жана метрология борборунун (СМБ) жобосуна ылайык СМБнын Техникалык регламенттер жана стандарттар улуттук маалымат фонду КРда колдонулуп жаткан стандарттар жана стандартташтыруу боюнча документтердин баарына эсеп жүргүзөөрүн маалымдайт (мукабада “Иш нуска” же “Контролдук нуска” деген штамп коюлат).

Ар бир соода жасоонун алдында стандартташтыруу боюнча “Иш нуска” штампы коюлган стандарттын көчүрмөсү же башка документтин эсеп нускалары гана ишке ашырылат. СМБ башка юридикалык жактарга стандарттардын эсеп көчүрмөлөрүн ишке ашырууга укук бере алат.

Мындан сырткары КР ЭМ алдындагы СМБнын бардык территориялык бөлүмдөрүнө стандарттардын эсеп көчүрмөлөрүн жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди ишке ашыруу иштерин жүргүзүүгө укук берилди. Бирок документтердин эсеп көчүрмөлөрүн көбөйтүү иштерин ишке ашыруу максаты үчүн жол берилбейт.

Региондордо ишке ашыруу үчүн документтердин эсеп көчүрмөлөрүн Техникалык регламенттер жана стандарттар улуттук фондуна СМБ счетун төлөгөндөн кийин телефон, факс жана электрондук поча аркылуу жөнөтүлгөн табыштаманын негизинде алса болот.

Ал эми Борборлордо колдонууга багышталган стандартташтыруу боюнча стандарттардын жана башка документтердин көчүрмөсүн СМБга кат түрүндө жөнөтүлгөн табыштаманын негизинде акысыз алса болот, - деп КР ЭМ алдындагы СМБ мүдүрү Султан Ахматов билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу