Экономика министрлиги эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну орнотуу максатында ЖЧК «Химиялык жана стандартсыз жабдууларды чыгаруучу Урал заводу» жөнүндө маалымат берет.

Новости
04-Февраль 2014-ж.
2377

Компаниянын ишинин негизги багыты болуп химиялык жана стандартсыз жабдууларды өндүрүү саналат.
Завод жылуулук алмаштыруу, сыйымдуулук алмашуу жабдууларын, атомдук өнөр жай иш каналары үчүн жабдууларды, металлдык конструкцияларын жана стандартсыз жабдууларын чыгарат.

Бардык жабдуулар ар кандай металлдын маркаларынан жасалат, алар: аз углеродтук же легирленген, коррозияга жана ысыкка туруктуу болгон болот, түстүү металл, аллюминий, титан жана алардын эритмелери. Завод кардарлардын чертеждору менен тетиктерди жасап берет.

ААК «Роснефть», ААК «Еврохим», ААК «Нижнекамскнефтехим», ААК «Кучуксульфат», Ленинградтык АЭС жана Казакстандын кээ бир компаниялары жана ошондой эле ири химиялык, нефть жана газ өнөр жай тармагынын иш каналары биздин жабдуулардын негизги керектөөлүчүлөрү болуп эсептелет.

Компания тарабынан алып келинүүчү товардын көлөмүнө жана эсеп ыкмасына жараша ийкемдүү жеңилдиктер системасы каралган.
Бул тууралуу толук маалыматты төмөнкү даректерге кайрылып алсаңыздар болот:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Бишкек ш., Чуй пр. 106, Инвестицияларды илгерилетүү бөлүмү, т. 0312620535 к.н. 159; (жүктөп алуу)
Россия Федерациясы, Челябинск ш., Косарева 52-В көч. Почта дареги 456106, тел./факс: +7351797-1888; 797-1191.
The-Elit@mail.ru www.The-Elit.ru

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу