КР Экономика министрлигинин алдындагы СМБнын жана Малайзиянын Стандартташтыруу департаментинин жолугушуусунда адал өнөр жайын өнүктүрүү боюнча маселе талкууга алынды.

Новости
14-Ноябрь 2013-ж.
2542

Бишкек шаарына өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшүү жана эмгектешүү максатында экономиканын ар кандай тармактарын сунуштап, 2013-жылдын 13-ноябрында Малайзия делегациясы келген. МТСП Малайзия мамлекеттик программасынын алкагында, Малайзияда окуп жана такшалууну камтыган 2-3 жумалык семинарлар жана курстар уюштурулууда. Программа Малайзия өкмөтү тарабынан каржыланат.

Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун 3 (үч) эксперти Малайзия стандартташтыруу департаментинде адалды стандартташтыруу боюнча МТСП программасы менен окутулган.

Жолугушууда кызыктар тараптар тарабынан Малайзияда адал өндүрүштү уюштуруу боюнча кеңири презентация көргөзүлдү. Адал маселеси боюнча өкмөткө караштуу “Jkin” институту көзөмөлдөйт, ал 20 программанын бири адал өнөр жайы болуп эсептелет.

Адалды сертификатташтыруу боюнча мамлекеттик органдар иштешет, адал азыктары бир гана диндик талаптарды гана билдирбестен бул керектөөчүнүн ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугунун негизи болуп, керектөөчү үчүн санитардык гигиеналык, ветеринардык, технологиялык, маалыматтык башкача айтканда маркировка сыяктуу мамлекеттик жөнгө салууга туура келген, мамлекет тарабынан бекитилген нормативдүү иш кагаздарынын талаптарынын баарына жооп берген таза продукция.

Бардык адал деп аталган өндүрүштөр, ИСО 9001, ХАССП системасынын эл аралык талаптарына туура келиши керек, андан кийин гана адал багытында сертификат алууга мүмкүн болот.

Берилген эрежелерди бузуп продукцияга адал маркировкасы колдонулган болсо, мамлекет тарабынан миллиондогон штрафтар көргөзүлгөн.

Кыргызстандын адал маселесин талкуулап жатып аны туура уюштуруу боюнча иштиктүү кеңештер берилген. Жарандардын ден соолугу жана өмүрү үчүн продукциянын коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жаткандыктан бул мамлекеттик маанилүү маселе ошондуктан муну өкмөт тарабынан жөнгө салуу зарыл.

Продукциянын текшерилүүсү камсыздалбагандыктан жана адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн гана колдонулуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, адалды сертификатташтырууну жеке колдорго өткөрүп берүү адал принциптерине туура келбейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу