Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Новости
25-Август 2021-ж.
8166

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоору боюнча маалымат берет.

Министрлик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрү менен соода кылуу эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү коомдук талкуулоого жөнөттү, алар КРӨнүн жогорудагы токтому менен бекитилген. Атап айтканда, соода ишин жүргүзүүнүн шарттарын өзгөртүү сунуш кылынат, б.а. соода ишинин субъекттерине QR кодун (А4 форматындагы кагаздан кем эмес) керектөөчүлөр үчүн эркин жеткиликтүү жайгаштырууга милдеттендирүү жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- ижарага алуучу же соода аянтынын ээси жөнүндө маалымат (ишкананын аталышы же ишкердин аты-жөнү);

СИН;

- ижара келишиминин номери жана аны колдонуу мөөнөтү;

- соода аянтынын аталышы жана номери, орду/контейнер/павильон ж. б.;

- контролдук-кассалык машинанын модели;

- лицензия жөнүндө маалымат, эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынса.

Мындан тышкары базарлардын жана соода борборлорунун (үйлөрдүн) дирекциясы КРнын мыйзамдарына ылайык патенттин, камсыздандыруу полисинин бар экендигине жана соода иш-аракеттеринин субъекттери тарабынан контролдук-кассалык машиналарды колдонуу үчүн жоопкерчилик тартат.

Бул түзөтүүлөр салык жол-жоболорун санариптештирүү, адилеттүү атаандаштыкты ачык-айкын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, соода ишин тартипке келтирүү, ошондой эле ак ниеттүү ата мекендик ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо максатында киргизилген.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу