Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуу максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн чыккан өлкөсүн аныктоо боюнча ЕЭКтин иши жөнүндө

Новости
17-Август 2021-ж.
4918

2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде (КР ЭФМ) Министрдин орун басары Руслан Татиковдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коомдук кабыл алуу блогунун жыйыны өттү.

Жыйынга төмөнкү Коомдук кабылдаманын делегаттары катышты: Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар саясаты департаментинин директору Алия Жумабаева, Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсүнүн жардамчысы (Министр) Лариса Ермакалиева, Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар саясаты департаментинин директорунун орун басары Павел Жуковский, Беларусь Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП), КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлдөрү.

Министрдин орун басары Р.Татиков биргелешкен жыйын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү маанилүү окуя болуп саналарын белгиледи.

Делегаттарды сөз берилип, андан соң катышуучулар “суроолор жана жооптор” режиминде көңүлгө алына турган пайдалуу маалыматтарды алышты. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулардын жалпы маалыматы менен тааныштырылды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу