Экономика министрлиги Новосибирск шаарында 3-региондор аралык “Кыргыз – Россия диалогу 2013” конференциясына катышат.

Новости
27-Октябрь 2013-ж.
2508

2013-жылдын 22-октябрында Новосибирск шаарында “Кыргыз-Россия диалогу 2013” аттуу үчүнчү региондор аралык конференциясы болуп өттү, анын ишине Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Отробаев баш болгон Кыргыз Республикасынын өкүлдөр тобу катышышты.

Коференцияда КР Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов Экономика министрлигин көрсөттү.
Конференциянын ишине 400дөн ашык адам катышты. Россия тарап бийликтин федералдык жана регионалдык органдарынын, ири чарба субъектилердин жана илимий - окутуучу борборлордун жетекчилеринин деңгээлинде көрсөтүлдү.

Конференциянын максаты болуп региондор аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын стратегиалык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү саналат.

Конференциянын алкагында кыргыз-россия кызматташтыгынын эң актуалдуу багыттары боюнча тегерек столдор уюштурулду (энергетикалык, тоо кен, нефть - газ жана транспорттук тармактарда бирдиктүү инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу; Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуусун эске алуу менен жеңил өнөр жай, айыл чарба жана тамак – аш өндүрүү иш-каналарынын кызматташтыгын кеңейтүү; гуманитардык кызматташуунун муктаждыктары жана мүмкүнчүлүктөрү: илим, билим берүү, маданият, жарандык коом; эмгек миграция чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүү).

Бул конференцияда Россиянын ири чарбакер субъектилеринен жана илимий – окутуучу борборлордон кыргыз рыногуна жаңы жаратууларды, жабдууларды жана жогорку технологиялуу продукцияны киргизүү боюнча кызматташуу сунуштары киргизилди.

Кызыктар адамдар үчүн кыскача маалыматтык кат жана байланыш маалыматтарды беребиз:
1. “Химсталькомплект”: “Коссет” соода үйү - резервуарлар, кубаттулукту үнөмдөө технологиялар, магниттер ж.б.
Тел/факс: (35130) 7-92-00, 7-56-28, 7-30-24, 7-26-35, 7-96-11, 7-32-44, 7-76-78 Телетайп: Озерск ТРУБА e-mail: metalopt @ metaloptru.ru, http://www.metalopt.ru

2. ОАО “Сибэлектротерм” – электротермикалык жабдууларды чыгарган Сибирь заводу.
Новосибирск шаары, Петухово көчөсү 51, 630088, тел. + 7(383) 342-28-66 (кабылдама); факс: + 7(383) 342-58-73 (кеңсе); E-mail: therm@ therm.ru; http://www.sibelectrotherm.ru.

3. ЖАК “Ламинарные системы” – лабораторияларды жабдуу үчүн жогорку технологиялык жабдыктарды чыгарат.
Букреев Денис Юрьевич - Башкы мүдүр, тел. +7(3513)54-47-44 эл.п. director@lamsys.ru
Козлова Мария Викторовна – Сатуу бөлүмүнүн начальниги, тел. +(3513)54-47-55, моб. +7-902-892-33-46 эл.п. silik.72@mail.ru

4. “Элсиб” ААК – турбогенераторлорду, гидрогенераторлорду ж.б. иштеп чыгарат.

5. ЖАК «Завод Сибирского Технологического Машиностроения” - иштеп чыгуу – долбоорлоо – монтаж – иштетүү: ысык суу менен камсыз кылуучу автономдук система, автономдук жылытуу си

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу