Кыргыз Республикасы менен Шри-Ланка ДСР соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү жөнүндө

Новости
13-Август 2021-ж.
4842

2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин аянтчасында Министрдин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Шри - Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохан Виджевикрам мырза менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Иманалиев Данияр Шаршенбекович Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берди.

Маалымат катары:

Кыргызстан менен Шри -Ланканын ортосундагы товар жүгүртүү 2020 -жылы 1,648 миллион долларды түздү жана 2019 -жылга салыштырмалуу 17,4% га өстү, анын ичинде импорт - 1,648 миллион доллар, экспорт - 0,0 миллион доллар.Экспорттун негизги пункттары кофе жана чай болуп эсептелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу