Экономика министрлиги республиканын региондорунда коррупцияга каршы туруу боюнча окутуу семинарларын өткөрүп жатат.

Новости
27-Октябрь 2013-ж.
2616

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу тармагында потенциалды өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен мамлекеттик бийликтин территориялык органдарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу (ЖӨБ) органдарынын өкүлдөрү үчүн коррупцияга каршы туруу саясаты боюнча кайталанма окутуу семинарлары өткөрүлө баштады.

“Коррупцияга каршы туруу саясаты: көйгөйлөр жана жергиликтүү деңгээлде ишке киргизүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолдору” тренинг-семинар 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Өкмөттүн мамлекеттик Программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жатат жана ал коррупцияга каршы чараларды жүргүзүүдө, иштеп чыгууда жана жергиликтүү деңгээлде коррупцияга каршы туруу программаларын мониторинг жүргүзүүдө регионалдык адистердин потенциалын өстүрүүгө багытталган.

Окуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү төмөндөгүлөр менен таанышышты: ЖӨБ органдарында коррупцияга каршы туруу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү; мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарында коррупциялык схемаларды жана коркунучтарды алдын алуу жана ачыкка чыгаруу механизмдери; ЧУАларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү; мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдары менен жарандык коомдун институттарынын өз ара аракеттешүүсү;

Берилген материалдардын ичинен коррупциянын шартын жана себебин системалоо жана ачыкка чыгаруу, коррупциялык коркунучтарды мониторингдөө жана жокко чыгаруу маселелери дискуссияга алынып, угуучулар менен бир топ сунуштар киргизилди, ал сунуштар кийин КР Өкмөтүнүн коррупцияга каршы туруу чараларын иштеп чыгууда эске алынат.

Жумушчу топтордун презентациясынын жыйынтыгында семинардын катышуучулары каралган багыттарда коррупцияга каршы туруу чараларын иштеп чыгуу боюнча кошумча консультация алышты.

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин окутуу семинарлары Талас, Жалал-Абад, Ош (Ош шаарынын администрациясын кошо) жана Баткен облустарында өткөрүлдү. Жакынкы арада ушундай тренингдерди Бишкек шаарында, Чүй, Нарын жана Ыссык-Көл облустарында өткөрүү пландалып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу