Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жөнүндө

Новости
09-Август 2021-ж.
3259

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-августта Түркмөнстанда өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын 3-консультативдик жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары - Инвестициялар жана тышкы соода министри С.У. Умурзаков менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, эки тараптуу келишимдердин аткарылышы, анын ичинде өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлүшү жана иштеши, артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы, айыл чарба, транспорт жана энергетика чөйрөсүндө кызматташтыкты түзүү жана тереңдетүү боюнча маалымат алмашылды, ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарындагы өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу