Россия Федерациясынын чекене сатуучулары менен В2В жолугушуу өткөрүү жөнүндө

Новости
30-Июль 2021-ж.
5587

Экспортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 29-30-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте Россия Федерациясынын чекене сатуучулары менен В2В жолугушууларын өткөрдү.

Жолугушууга тамак-аш, айыл чарба жана кийим тигүү өнөр жайларынан 35тен ашык ата мекендик компания катышты. 

Россия тараптан бир топ соода тармактарынын өкүлдөр катышты.

B2B сессияларынын жыйынтыгында россиялык чекене соода өкүлдөрү кыргыз продукциясын жеткирүүгө кызыкдар экенин билдиришти жана тышкы соода келишимдерин түзүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө макул болушту.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу