КР Экспортту өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу аяктады.

Новости
27-Октябрь 2013-ж.
2343

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги маалымдайт, азыркы учурда Эл аралык соода борборунун (ITC) жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу аяктады.

Экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу бул 2013-жылы 14-январда кабыл алынган 2013-3017-жылдарына Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясынын приоритеттүү маселелеринин бири болуп саналат. Экспортту өнүктүрүү стратегиясы өз убагында иштелип чыкты, анткени Кыргызстандын экспортунун атаандаштыгы азыркы убакта өзгөчө маанини ээлейт.

Экспортту өнүктүрүү стратегиясы КР бардык министрликтеринде жана ведомстволорунда макулдашуудан өтүп, азыркы убакта макулдашуу процесси Адилет министрлигинде бүтүрүү стадиясында турат. Экспортту өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу аяккы максат болуп саналат, ошондуктан аны эффективдүү ишке ашыруу үчүн бир топ багыттар боюнча негизги кызыктар тараптар макулдашылган чараларды көрүүлөрү зарыл.

КР Экспортту өнүктүрүү стратегиясы официалдуу түрдө үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында саат 10.00 “Жаннат” мейманканасында (Бишкек шаары, А.Токомбаев атындагы көчөсү, 21/2) вице-премьер-министр Джоомарт Оторбаевдин, Экономика министри Темир Сариевдин жана ошондой эле жеке жана мамлекеттик секторлордун жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен көрсөтүлөт.

Презентациянын негизги максаттары: экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жасалган иштердин маанилүүлүгүн баалоо; негизги жыйынтыктарды жана багыттарды көрсөтүү; экспортту өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн негизги кызыктар тараптарды мобилизациялоо; ITC жана GIZ долбоорлорунун алкагында стратегияны ишке ашыруу этабын жүргүзүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу