Корумду-Балбай тилкесиндеги Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбооруна байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Кувейттин Араб экономикалык кызматташтык фондунун ортосунда Кредиттик макулдашууга кол коюлду

Новости
13-Июль 2021-ж.
3632

2021-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында Корумду-Балбай участкасында (болжол менен 80,5 км) Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбооруна байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Кувейттин Араб экономикалык кызматташтык фондунун (мындан ары - Фонд) ортосунда 28,9 млн. АКШ долл. суммасындагы Кредиттик макулдашууга кол коюлду. Аталган Кредиттик макулдашууга Фонд менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюлган.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров, Кувейт тараптан - Фонддун башкы директорунун орун басары Марван Аль-Ганем кол койду. 

Аталган долбоор төмөнкүлөрдү камсыздайт: 

- республиканын облустары, ошондой эле Казакстан жана Кытай Эл Республикасы менен Ысык-Көл курорттук зонасынын автомобилдик катнашын жакшыртууну; 

- ички жана эл аралык туризмди андан ары өнүктүрүү үчүн Ысык-Көл айланма жолунун боюндагы инфраструктурасын жакшыртууну;

- өнөр жай өндүрүшүн жана айыл чарбасын өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү;

- Ысык-Көл айланма жолун Казакстан жана Россиянын жолдору менен бириктирүү, бул Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан маршруту боюнча өтмө транзитти түзүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Араб Координациялык тобу (АКТ) тарабынан каржыланган «Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо, 2H участогу, 104 - 184.5 км» (Корумду айылы - Балбай Баатыр айылы) долбоору 2017-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасында АКТнын катышуусунда өткөн «Тегерек столдун» 3-жыйынында жактырылган.

Ошондой эле фонддун өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө 20,0 млн. АКШ долл. суммасындагы Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу долбоору талкууланды. Тараптар долбоорду ишке ашырууну жакынкы арада кайрадан баштоо жөнүндө макулдашышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу