Министр Т. Сариев мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 9 айынын жыйынтыгы жөнүндө маалымдады.

Новости
05-Ноябрь 2013-ж.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын экономика министри Т. Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында “2013-жылдын январь – сентябрында Кыргыз Республикасынын социалдык - экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жөнүндө” маалымат берди.

Ушул өткөн тогуз айдын негизги жыйынтыктары болуп экономикада жылдын башынан бери келе жаткан оң өзгөрүүлөр болуп калды жана алардын негизги себептери:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартында №111 токтому менен бекитилген, 2013-жылга Өкмөттүн деталдуу Планынын аткарылышы;
- Өкмөт тарабынан бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган иш чаралар: фискалдык жүктү азайтуу, мамлекеттик жөнгө салуунун чаралары менен бирге текшерүүлөрдү азайтуу, лицензияларды кыскартуу, тоо-кен тармагы боюнча жаңы укуктук нормативдик актыларды кабыл алуу;
- Кумтөр кенинин толук кандуу иштеши,
- ошондой эле экономиканын башка секторлорундагы бир топ жакшы ийгиликтери болду.

Жыйынтыгында тогуз айда ички дүң продукциянын (ИДП) жалпы көлөмү 236,9 млрд. сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 %га реалдуу өстү. (2012-жылдын тогуз айында -5,6 %га төмөндөп кеткен). Божомолдонгон экономикалык көрсөткүч 2,5 проценттик пунктка жогору болду (божомол 106,7%).
Ал эми Кумтөр кенин эске албаганда ИДП 6,1 %га өстү (2012-ж 3,7 %га өскөн). Мындай абал Кумтөр кенинен башка курулуш, айыл чарбасы жана башка экономика секторлорунун потенциалы өсө баштады десек болот.
Дефлятор 103,4 %ды түздү.

Инфляция 1,6 %га өстү (2012-жылдын декабрына) (2012-ж 3,2 %га өскөн), ошол эле учурда тамак-ашка жана алкоголдук эмес ичимдиктерге болгон баалар 0,7 %га төмөндөдү. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар 3,5 %га, кызматтарга тарифтер 2,6 %га, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге 5,7 % өстү.
Экономика жана керектөө бааларынын мындай шартта болушу социалдык көрсөткүчтөргө өз таасирин тийгизүүдө.

1) Бир кызматчынын номиналдык орточо бир айлык эмгек акысы былтыркы жылдагы 10524 сомдон 11057 сомго, же 5,1 %га көбөйгөн.

2) Жашоо минимуму 2012-жылдагы 4322 сомдон 4519,4 сомго чейин, же 4,6 %га өстү.

3) 2013-жылдын октябрь айындагы пенсиянын жогорулашын эске алганда, пенсиянын орточо өлчөмү 4078 сомдон 4554 сомго, же 11,2 %га өстү.
Катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,4 %ын түздү. 9 айда 57,5 миң жумушчу орун түзүлдү, анын 90,0 % жеке ишкерлер тарабынан (патент), ал эми 10,0 % гана мекеме ишканаларда түзүлүүдө.

Ал эми экономиканын секторлорунун абалына келсек, жогруда айтылгандай ИДП өсүүсүнө эң чон салымды өнөр-жай сектору кошту, негизинен ал Кумтөр кениндеги абалдын оңолушунан, мындан сырткары курулуш материалдарын (цемент жана айнек) чыгарууну көбөйгөндүктөн, өсүү темпи 124,5 %ды түздү, былтыркы жылда көрсөткүч 67 %ды түзгөн, же өндүрүш эки эсеге жогорулады.

Ошол эле учурда өнөр жайдын маанилүү тармактарында продукцияны өндүрүүнүн көлөмүнүн төмөндөөсү байкалууда. Бул азык-түлүк (тамекини кошкондо) өндүрүү 4,5 %га, текстиль жана кийим тигүү тармагы 12,3 %га, электр энергиясын өндүрүү 7,7 %га азайган (негизинен суунун тартыштыгынан болууда).

Күзгү-кышкы мезгилде электр энергиясын өндүрүүгө керектелүүчү суунун көлөмүн эске алганда, 2014-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында 9,2 млрд. м3 суу калышы божомолдонууда, бул 2013-жылдын 1-апрелине карата 2,0 млрд. м3 аз болот.

Бул шарт кийинки жылга сууну рационалдуу колдонуу, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну биринчи иретте белгиленген лимиттерди так сактоону талап кылат.
• Айыл чарбасында өсүү темпи 4,2 %ды түздү (2012-ж. 2,8 %га өскөн)., негизинен быйылкы жылда аба ырайынын ыңгайлуу шартта болушу жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоону көрсөтүүнү улантуунун эсебинен болду:
• 9 айдын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 3,0 млрд. сомду түзгөн, 14165 жеңилдетилген кредит берилди.
• Мындан тышкары 224 даана трактор “Айыл Банк” аркылуу лизингге берилди.

Быйылкы жылы айдоо аянттарынын түзүлүшүнө бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, буудай эгүү аянты 33,9 миң гектарга, кант кызылчасы 1,7 миң га, ал эми күздүк айдоо 14 %га көбөйдү. Түшүмдүүлүк да бир кыйла жогору болду, дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарынан 6,6 цге, буурчактыкы 1,1 цге, картөшкөнүкү 4,7 цге көп болду.

Ошону менен бирге министр Т. Сариев, көрүлүп жаткан чаралар негизинде быйылкы жылы кант кызылчасын өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү, 102 миң тоннадан 172,2 миң тоннага чейин. Каинды кант заводу азыркы мезгилде бир тонна кант кызылчасын 3,0 миң сомдон алууда. Ушул тенденцияны эске алып жана кант кызылчасын өстүрүүнү мындан ары да көбөйтүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында КР экономика министрлиги импорттук кантка сезонду бажы пошлинасын киргизүүгө токтомдун долбоорун даярдаган.

Тилекке каршы Өкмөттүн Аппаратында көпкө чейин бул документ талкууланып, жыйынтыгында “пошлина киргизүү максатка ылайыксыз деген” формулировка менен кайра кайтарылды. Мындай жагдай экономиканын мындан ары өсүшүнө тоскоол болуп, ишкерлер тарабынан мамлекеттик бийлиике ишенбөөчүлүктү жаратууда - деп айтып өттү.

Талас облусунда быйыл 84,2 миң тонна төө буурчак өндүрүлдү (2012-ж 75,0 миң т.), ал эми баасы да бир кыйла жогору, бир кг. 65-77 сом болууда (2012-ж. 40-58 сом). Мындай шартта дыйкандар кийинки жылы да буурчак айдаганды көбөйтүшөт, ошондуктан жергиликтүү жетекчилер тиешелүү министрликтер менен кошо азыртадан кийинки жылы кайда, кантип сатаарды ойлонуштары зарыл. Анткени мурдагы жылдар көрсөткөндөй, жакшы пайда болгон жылдан кийинки жылы, дыйкандарда сатуу боюнча көп көйгөйлөр пайда боло баштайт.

• Курулуш тармагында көлөм 20,4 %га өстү (2012-ж 2,5 %га өскөн) негизинен аткарылган курулуш иштеринин, ошондой эле имараттарды жана объекттерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча жасаган иштердин эсебинен жогорулады.

• Кызмат көрсөтүү тармагынын өсүү темпи 6,2 %ды түздү (былтыркы жылдын ушул мезгилине 5,1 %га өскөн), негизинен соода жүгүртүүнүн 8,2% өскөндүгүнөн болду.
Сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2013-жылдын 8 айында 10,6 %га жогорулап, 4,6 млрд. АКШ долларын түздү (2012- ж 11,9 %га өсүп, 4,2 млрд.АКШ долл.). Экспорт 919,1 млн. АКШ долларын түзүп, былтыркы жылдын деңгээлинде болду, ал эми алтынды кошпогондо текстиль буюмдарын экспортоону 1,5 эсеге азайышы менен экспорт 0,6 %га кыскарган.

Импорт 13,0 %га өсүп, 3,7 млрд АКШ долларын түздү, негизинен химия жана ага байланышкан өндүрүш продукцияларын (21,4 %га), машина жана жабдууларды (15,2 %га), минералдык продукттар (10,9%га) жана текстиль буюмдарын (9,3 %га) импорттоону көбөйгөндүгүнөн болду. Жыйынтыгында сырткы сооданын сальдосу терс көрсөткүчтө кала берүүдө(–2,8 млрд. АКШ долл.).

Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси ушул мезгилде 71,5 млрд. сомду түзүп (2012-ж. 62,6 млрд. сомду түзгөн), негизинен салык кирешелеринин жана официалдуу трансферттердин келишинен улам, 14,2 %га өстү. Бирок ошого карабастан белгиленген план аткарылган эмес (99,4%) (салык кирешеси – 26,0 млрд. сом, же планга 99 %, бажы жыйымдары – 25, 7 млрд. сом, же планга 97,4 %).

Министр Т. Сариев кирешелердин бир топ резервдери бар экенин жана алар экономиканын соода, транспорт, мейманкана жана ресторандар кызматында, калкка акылуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу жана сатуу тармагында, курулушта, негизинен кичи жана орто ишкердикте жашырылгандыгы жөнүндө да айта кетти.

Маселен, транспорт тармагында 90,0 %дан ашык айдоочуларда кызмат көрсөтүүгө ыктыярдуу пантенттери жок.
Ал эми алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу жана сатуу көлөмү алардан түшкөн акциз салыктарынан бир нече эсе жогору болууда.
17 коомдук тамактануу мекемелерине хронометраж жасаганда, алардан түшкөн сатуу көлөмдөрү 2 эседен 25 эсеге чейин көбөйгөн (орточо 4 эсе).
Социалдык фонддо камсыздандыруу жыйымдарын топтоодо да бир кыйла жетишсиздиктер бар, маселен коммерциялык ишканалардын кызматкерлеринин 52 % айлык акыны конверттерде алышат.

Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу 6,2 %га өсүп, 63,8 млрд. сомду түздү (2012-ж. 60,0 млрд. сом), бирок пландаштарылган өлчөмдөн 6,6 %га аз аткарылды.

Министр Т. Сариев Өкмөт мүчөлөрүнө жана жыйындын катышуучуларына кайрылып жатып өзүңүздөр байкагандай быйылкы жылдын көрсөткүчтөрү жылдын жыйынтыгы менен да жакшы болуусу күтүлүүдө. Бул жерде жогоруда айтылган жакшы шарттар менен кошо былтыркы жылдын төмөнкү базасы да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Жылдын жыйынтыгы менен мындай макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сакталып калуусу үчүн бардык шарттар бар деп белгиледи.

Ошол эле учурда быйылкы жылдын жогорку базасы, эгер Кумтөрдө алтын казып алуунун көлөмү, божомолдогу 13,7 тоннанын ордуна, «Кумтор Голд Компани» белгилеген 18,0 тонна болуп, айыл чарбасындагы өсүү темпи азыркы деңгээлде сакталса, 2013-жылы ИДП 111 % тегерегинде болушу күтүлүүдө, анда 2014-жылдын макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн божомолунун (106,9 %) аткарылышына тобокелдик түзүлөт. Биздин божомол боюнча кийинки жылы ИДП 104,9 % дан 106,9 % пайызга чейин болушу мүмкүн. Бул болсо мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келүү коркунучун туудурат.
Темир Сариев белгилегендей экономиканын туруктуу өнүгүүсүн мындан ары улап кетиш үчүн кошумча резервдерди табууга азыртадан баштап киришүү зарыл.
Ал кайсы резервдер?
Биринчиден, биздин мамлекетибизде жагымдуу инвестициялык климатты түзүү биздин эң алгачкы милдеттерибиздин бири болуп калышы керек. Өзүңүздөргө маалым болгондой жаратылыш ресурстарын иштетүү чөйрөсүндө инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн бир топ укуктук-нормативдик документтерди кабыл алдык.

Келерки жылда Бозымчак, Иштемберди, Жамгыр, Талдыбулак–Сол жээк, Караказык кендерин ишке киргизүү керек. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан үч жылдан бери ушул кендердин көлөмдөрү божомолго киргизилүүдө, бирок ушул убакка чейин кендер ишке киргизиле элек. Эми сөздөн ишке өтүү зарыл.

Бизнеске мамлекеттик киришүүнү, мамлекеттик тескөөнү азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди мындан ары улантуу бир топ ийгиликтерге алып келүүсү зарыл.
Бирок тилекке каршы ушундай чараларга карабастан мекеме-ишканалардын негизги капиталга салган инвестицияларынын көлөмү 3,2 %га азайган, ошондой эле тике инвестициялардын келип түшүшүнүн 25,1 %га азайышы тынчсыздандырбай койбойт. Мындай жагдайда мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бизнес чөйрөсү менен өз ара тыгыз аракеттенишин талап кылат. Турак жай курулушунда да бир топ мүчүлүштүктөр бар, курулган объекттерди толук эсепке алуу, өз убагында аны эксплуатациялга кабыл алуу боюнча иштер өз деңгээлинде эмес.

Кара-Балта шаарында жаңы нефтини кайра иштетүүчү завод ишке киргизилди, отчеттук мезгилде өздөштүрүлгөн каражаттын көлөмү 120,0 млн. АКШ долларын түздү. Эми ушул өндүрүштүн толук кандуу жа үзгүлтүксүз иштеп кетишине толук шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү керек. Бул өндүрүш ички дүң продукциянын көлөмүнө, салыктардын түшүшүнө да салым кошот. (алдын ала эсеп менен эгер ушул ишкана толук кубаттулукка чыкса (800,0 миң тонна) 20-25 млрд сомдук продукция өндүрүп, дээрлик 5,0 млрд сомдон ашыгыраак салык төлөмдөрү түшүшү божомолдонууда. Ишкананын ИДП кошкон салымы 2% ашат.)

Мындан тышкары экономиканын туруктуу өсүүсүнө ири инвестициялык долбоорлорду практикалык түрдө, бектилген график боюнча так ишке ашыруу чоң көмөк көрсөтөт.
Атап кетсек: Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Датка –Кемин электр линиясы (Кемин подстанциясы менен), ири транспорттук коридорлор жана ирригациялык долбоолор. Ошондой эле түндүк менен түштүктү байланыштырган алтернативдик жолдун курулушун баштоо.

Экспорттун көрсөткүчтөрүнүн начарлашы да башкача чечимдерди кабыл алууну талап кылат, өзгөчө алтындан башка традициялуу текстиль жана азык түлүк ж.б. товарларды экспортоону көбөйтүү.

Мамлекеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн салык жана салык эмес кирешелердин көлөмүн көбөйтүү боюнча фискалдык чараларды иштеп чыгуу, салыктык жана бажы кирешелерин тескөөнү жакшыртуу жана көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштерди аткаруу:

Ал үчүн:
- Салык кызматына, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алкоголду чыгаруу жана сатуу, курулуш, соода, транспорт, мейманкана жана ресторан кызматтарында, калкка акы төлөп кызмат көрсөтүүдө (автомоблиди оңдоо, чач тарач, косметика салондору ж.б.у.с.) салыктарды тескөөнү күчөтүү жана салык базасын кеңейтүү боюнча системдүү иш алып баруу боюнча тапшырма берүү;
- муниципалдык менчиктен (парковкалар, автомобиль токтоочу жайлар, муниципалдык базарлар) түшчү төлөмдөргө көзөмөлдү күчөтүү жана муниципалдык менчиктен (имараттар, жер аянттары ж.б.у.с.) ижара акысын чогултууну көбөйтүү;
Министр Т. Сариев өз сөзүн жыйынтыктап жатып, жогорудагы милдеттерди аткарууну камсыз кылууга, экономиканын өсүүсүнө жана кирешелердин кошумча булактарын табууга, жаңы ишканаларды киргизүүгө, иштебей жаткан жана жарым жартылай иштеп жаткан ишканалардын толук кандуу иштешине көмөк көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү калктын инвесторлор менен болгон чыр-чатактарды өз убагында чечүү үчүн ар бир регионго Премьер-министрден баштап вице-премьер министрлер жана министрлерди куратор катары бекитүүнү сунуштады.

Сурамжылоо
Онлайн кайрылуу