Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун экинчи жыйыны болуп өттү

Новости
06-Июль 2021-ж.
2764

2021-жылдын 6-июлунда Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун экинчи жыйыны болуп өттү

Ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы вице-премьер-министр - Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров, төраганын орун басары - Юстиция министри.

Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы №48-б буйругу менен КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы №55-б буйругунун ВЭТтин иштөө форматын тактоо жана 2021-жылдын аягына чейин ВЭТтин иш планын аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

Алсак, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин мыйзамдардын критерийлерге шайкештигин баалоо (талдоо) жүргүзүү жана жыйынтыгы боюнча мыйзамдардын 3 тизмесин даярдоо жана жактыруу зарыл:

1) критерийлерге шайкеш келген жана кайра кароону талап кылбаган;

2) критерийлерге ылайык келүү предметине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана кайра карап чыгууну талап кылган талаптар;

3) критерийлерге шайкеш келбеген жана күчүн жоготту деп табылууга (аракетин токтотууга) сунуш кылынбагандар.

Аталган тизме бекитилгенден кийин, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, ВЭТтин курамына кадрларды кайра дайындоо, аткаруу бийлик органдарын кайра түзүүгө байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошондой эле, биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча ВЭТ мүчөлөрүнүн сунуштары ВЭТтин регламентине келип түшкөндүгүн белгилеп кетмекчибиз, ага ылайык ВЭТтин жыйындарын деталдаштыруу жана конкреттештирүү сунушталган. Бул сунуштар эске алынып, такталган ВЭТ регламентин бекитүү сунушталды.

Вице-премьер-министр Жапаров Акылбек Усенбекович эксперттик топ мыйзамдарды сапаттуу инвентаризациялоону камсыз кылуусу зарыл экендигин белгиледи.

Азыркы учурда Ведомстволор аралык эксперттик топ мыйзамдарды баалоонун үстүндө иштеп жатканын белгилеп кетүү зарыл.

Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Мыйзам долбоору даярдалган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу