Кыргыз Республикасына “Ден соолук кербени” ЕТӨФ гранттык долбоорунун алкагында автопоезддер өткөрүп берилди

Новости
01-Июль 2021-ж.
3144

2021-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарында заманбап мобилдик медициналык комплекстерди (автопоезддерди) Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү Евразия Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Фонду (ЕТӨФ) тарабынан гранттык негизде каржыланган “Ден-соолук кербени” долбоорунун алкагында ишке ашты, анын каражаттары Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕАӨБ) тарабынан башкарылат.

Автопоездерди Кыргыз Республикасына салтанаттуу өткөрүп берүү боюнча иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри А.У. Жапаров менен ЕТӨФ Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун м.а. А.Г. Широков видео аркылуу байланышты. А.Г. Широков кыргыз тарапты республика үчүн маанилүү долбоорду ишке ашыруунун башталышы менен куттуктады. Жолугушуу символикалык түрдө автопоезддерди берүү менен аяктады..

“Ден-соолук кербени” долбоорунун максаты - ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу аркылуу айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын арасында ооруларынын алдын алуу жана табууну жакшыртуу. Долбоор ошондой эле автопоезддер үчүн зарыл болгон ченемдик жана техникалык документтерди, анын ичинде техникалык регламенттерди, иштөөнүн типтүү жол-жоболорун, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды, эпидемиологиялык маалыматтарды талдоонун негизинде профилактикалык текшерүүлөрдүн пландарын иштеп чыгууну карайт. Иштелип чыккан документтер автопоезддерди колдонууга жана эпидемиянын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга мүмкүндүк берет.

Эң заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган мобилдүү медициналык комплекстер, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук ооруканага жиберилет, алар өз ишинде өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорун камтыйт.

Долбоор боюнча ЕТӨФ гранттык каржылоонун көлөмү 2 млн. АКШ долл.

Маалымат үчүн:

Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) эл аралык финансы уюму болуп саналат, Россия жана Казакстан тарабынан 2006-жылдын январь айында мүчө мамлекеттердин рынок экономикасынын өнүгүшүнө, алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө жана өз ара соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

ЕӨБдүн уставдык капиталы 7 миллиард АКШ долларын түзөт. Банктын катышуучу-мамлекеттери Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы болуп саналат.

8,513 миллиард АКШ долларын түзгөн Евразиялык Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Фондусу (EТӨФ) 2009-жылдын 9-июнунда ошол эле 6 мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. ЕТӨФ максаттары - катышуучу өлкөлөргө дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттерин жоюуда, алардын экономикалык жана каржылык туруктуулугун камсыз кылууда жана региондогу интеграциялык процесстерди колдоодо жардам берүү. ЕТӨФ мүчө мамлекеттери ЕАӨБгө Фонддун активдерин башкаруучу функцияларын бөлүшкөн жана Банк менен ЕТӨФ Фондун каражаттарын башкаруу келишимине кол коюшкан.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу