Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө иши жүргүзүлүүдө

Новости
30-Июнь 2021-ж.
2240

2021-жылдын 28-июнунан 1-июлуна чейин Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө иши жүргүзүлүүдө, жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы №100 буйругу менен түзүлгөн.

Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Биринчи орун басары А.Дж. Джунушалиевдин төрагалыгы алдында, анын курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш. Иманалиев, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү облустун социалдык жактан маанилүү жана өндүрүштүк объектилеринде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, облустун жергиликтүү калкы менен жолугушту. Жергиликтүү бийлик жана облустун тургундары менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда тез арада чечилиши талап кылынган маселелер айтылды.

2021-жылдын 29-июнунда ведомстволор аралык жумушчу топ Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарынын айылдарында көчмө иштерин жана жолугушууларды өткөрдү.

Иштин жүрүшүндө ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү бир катар объектилерге барышты.

Тургундар менен болгон жолугушууда Самаркандек айылдык аймагынын Паскы-Арык айылындагы сугат жана ичүүчү суунун жетишсиздиги, Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарынын жашоочулары үчүн жаңы типтүү оорукананы курууга муктаждык сыяктуу маселелер айтылды. Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда бардык проблемалар эске алынат жана аларды чечүү үчүн зарыл болгон иш-чаралар иштелип чыгат.

Азыркы учурда ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан Баткен облусунда көчмө иштер улантылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу