Өзбекстан Республикасынын Коканд ш. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) туризм министрлеринин VI жыйыны өттү

Новости
30-Июнь 2021-ж.
2759

2021-жылдын 24-июнунда Өзбекстан Республикасынын Коканд ш. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) туризм министрлеринин VI жыйыны өттү. Кыргыз делегациясын КР Экономика жана финансы министринин орун басары Сейит Рысалиев жетектеген.

Кыргыз делегациясынын курамын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Туризм бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Акжолтоев толуктаган. Иш-чарага Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Венгрия делегациялары катышты. Саламдашуу сөзү менен КР Экономика жана финансы министринин орун басары Сейит Рысалиев чыгып сүйлөдү.

Сейит Рысалиев өз сөзүндө ушул жолугушууну уюштургандыгы жана салттуу меймандостугу үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мүчө мамлекеттер жана байкоочу өлкө (Венгрия) достук жана туугандык байланыштар менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.

Биздин өнөктөштүк узак мөөнөттүү, жемиштүү жана туруктуу өз ара аракеттенүүгө багытталган. Түрк дүйнөсүнүн туризм тармагын өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Мультипликативдик таасиринин аркасында туризм индустриясы социалдык-экономикалык, соода, маданий, транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрө алат, - деди Сейит Рысалиев.

Ошондой эле, Сейит Рысалиев Түрк Кеңешинин Катчылыгына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров 2021-жылдын 31-мартында өткөн ТМККга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитинде көтөргөн Түрк дүйнөсүнүн туристтик картасын түзүү идеясын ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу боюнча сунушун киргизди. Туризм тармагын модернизациялоо, түрк дүйнөсүнүн туристтик картасын түзүү жана аны жайылтуу түрк дүйнөсүндө туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле, этникалык спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары чоң потенциалга ээ жана түрк дүйнөсүнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө жакшы түрткү боло алат деп белгиленди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары брендге, маданий туризмдин байлыгына айланды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ТМККга мүчө-мамлекеттер тарабынан өткөрүлүшү дүйнөлүк аренада туристтик суроо-талапты бир топ көтөрөт.

Сейит Рысалиев сөзүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын туристтик тармактын бардык багыттары боюнча биздин өлкөлөрдө бул багытты өнүктүрүү үчүн туризм чөйрөсүндө тренддик демилгелерди, туруктуу жана инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча Түрк кеңешине мүчө мамлекеттер менен тыгыз жана жигердүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле жыйынга туристтерди транспорт кызматтарынын: аба жолу, кургак, суу жолу аркылуу бюджеттик жолдор менен камсыз кылуу боюнча сунуштар киргизилди. 

Биздин мамлекеттердин аймактарында көптөгөн тарыхый жана маданий кооз жерлер бар, бул түрк дүйнөсүнүн туристтик картасын түзүү идеясын ишке ашырууга мыкты мүмкүнчүлүк берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу