Министр Т. Сариев БАРЭК мүчө – мамлекеттердин жыл сайын өтүүчү Министрликтердин конференциясында катышып жатат, Астана ш. Казакстан.

Новости
23-Октябрь 2013-ж.
2383

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтыктын (БАРЭК) 12 - Министрликтердин конференциясына кытышып жатат.

Бул жылы БАРЭКтин председатели жана БАРЭК мүчө – мамлекеттердин 12 - Министрликтердин конференциясын кабыл алуучу мамлекет болуп Казакстан Республикасы саналат.

Министрликтердин конференциясы жыл сайын БАРЭК мамлекеттеринин катышуусу менен өткөрүлөт жана анда транспорт, энергетика, соода саясаты жана соодага жардам көрсөтүү секторлорунда рагионалдык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн өткөрүлөт.

Конференция төмөндөгү чараларды өзүнө камтыйт:

 Министрликтердин конференциясы - Министрлердин деңгээлинде Азия Өнүктүрүү Банкынын президенти Х.Курода мырзанын жана көп жактуу өнүктүрүү институттардын жетектөөчү курамынын (Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык Валюта Фонду, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) катышуусу менен.

 чоң мансаптуу расмий адамдардын отуруму, ал отурум бул БАРЭКтин улуттук координаторлорунун деңгээлинде Конференцияга даярдануу үчүн өткөрүлөт.

 БАРЭКтин Сектордук координаторлорунун деңгээлинде БАРЭКтин 4 багыты боюнча координациялык комитеттеринин отуруму, ал багыттар: транспорт, энергетика, соода саясаты жана соодага жардам көрсөтүү.

БАРЭК - бул кеңири региондо Еразиянын соода жана комерция чордонунда экономиканын өнүгүүсүнө демилге жаратуу максатында иштеп жаткан 10 мамлекеттин өнөктөшүүсү. 2001-жылдан баштап БАРЭК 19 млрд. ашык АКШ долларын инвестициялаган. БАРЭК транспорттук, соода жана энергетикалык байланышты курууга жардам берип, ал Программанын мүчө – мамлекеттеринин чегинен чыккан рыноктордун, негизинен сууга (көлгө, деңизге, океанга) чыга албаган мамлекеттердин бири бири менен биригүүсүнө жана туруктуу өнүгүүсүнө түрткү берет. 2001-жылдан баштап Азия Өнүктүрүү Банкы БАРЭКтин Катчылыгы катары чыгат.

БАРЭК Кыргыз Республикасынын инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. 2017-жылы бүтө турган 500-километрдик Бишкек-Нарын-Торугарт жолун реконструкциялоого КЭР, Араб координациялык тобу жана Азия өнүктүрүү банкы 397 млн. АКШ долларын бөлүп берүүгө милдеттеништи. Бул долбоор БАРЭКтин жол коридорлор түйүндөрүнүн бир бөлүгү болуп саналат, ал Борбордук Азиянын кеңири регионун камтыйт жана адамдар менен чарбакер субъектилерди бириктирип, инвестиция жана жаңы жумушчу орундарына жана экономикалык өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.

БАРЭКке кийинки мамлекеттер кирет: Афганистан, Азербайджан, КЭР, Казахстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Таджикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Ал эми БАРЭКтин ишин алты көп жактуу институттар колдошот, алар: Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык Валюта Фонду, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу