Кыргызстан Future Policy Award 2021 алтын сыйлыгына ээ болду

Новости
30-Июнь 2021-ж.
3392

Химиялык заттарды жана таштандыларды коопсуз башкаруу жаатындагы беш мыйзам актылары Future Policy Award 2021 сыйлыгына ээ болот. Аталган сыйлык көпчүлүк учурда мыкты саясаттын “Оскары” деп аталат, химиялык заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруучу кыйла натыйжалуу саясий чечимдерди белгилейт.

36 мамлекеттен көрсөтүлгөн 55 саясатчынын ичинен эки алтын жана үч атайын жеңүүчүлөр тандалды. 

Алтын сыйлыктар:

- Кыргызстан: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы №43 “Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

- Швеция, Стокгольм региону: Курчап турган чөйрө жана адамдардын ден-соолугу үчүн коркунучтуу химикаттардын этап-этабы менен тизмеси (2012-2016-ж.ж., 2017-2021-ж.ж. кайра каралган).

2021-жылдын 6-июлунда Future Policy Award 2021 конкурсунун жеңүүчүлөрү жогорку деңгээлдеги виртуалдык сыйлык тапшыруу аземинде сыйланат.

Иш-чарага катышуу үчүн https://www.worldfuturecouncil.org/fpa-2021-ceremony/ сайтына катталуу зарыл.

Андан соң жеңүүчүлөр 2021-жылдын 8-июлунда Берлинде Химиялык заттар жана туруктуу өнүгүү форумунда сыйланат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу