“Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга кол коюлду.

Новости
21-Октябрь 2013-ж.
2526

Экономика министрлиги үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга кол коюлгандыгы жөнүндө маалымдайт.

Министрлик менен бир нече жылдар бою бизнес жүргүзүүдөгү жолтоолордун санын азайтуу максатында жана ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүнө мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлгөн. Бир жыл мурун эки мыйзам кабыл алынып, анын жыйынтыгында 100 лицензия жана уруксат кыскартылган. 2008-жылдан баштап, иштеп жаткан лицензиялардын 518 түрүн жана түрчөлөрүн, уруксат берүү документтерин этап менен кыскартуу жүргүзүлгөн. 2012-жылы алардын саны 236 түргө чейин кыскарган.

Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен лицензиялардын жана уруксаттардын тизмеси дагы 135 түргө кыскарган, жыйынтыгында уруксат берүү документтердин 101 түрү калды.
Бул мыйзам бизнестин өнүгүүсү үчүн алардын ишинин атаандаштыгын тунуктук жана ачыктык принциптери аркылуу жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү, бардык лицензиаттар үчүн бирдей шарттарды түзүү, кошумча лицензияларга тыюу салуу, техникалык жөнгө салууну киргизүүдө лицензиялоо жол-жоболорун токтотуу ж.б. аркылуу импульс берет.

Кабыл алынган мыйзамда лицензиялоонун негизги принциптери ишти лицензиялоонун түрлөрүнүн тизмесин, операцияларды, лицензиялык контролдун процедураларын, лицензияларды жана уруксаттарды токтотуу жана жокко чыгарууларды өзүнө камтыйт. Жана эң негизгиси адамдын жашоосуна зыян, ден соолугуна жана айлана чөйрөгө, мамлекеттин коопсуздугуна залал келтире турган бизнестин чөйрөлөрү гана лицензиялоого тийиштүү.

Мыйзамды ишке ашырууга мамлекеттик органдар-лицензия берүүчүлөр менен алты айлык убакытта мыйзам алдындагы актылар иштелип чыгат (лицензиялоо боюнча жаңы жобонун долбоору, лицензиялык контролдоонун тартиби жөнүндө жобо, тобокелдерди баалоо усулдары жана лицензиялардын жана уруксаттардын тизмесин киргизүү жөнүндө жобо).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу