Техникалык жөнгө салуу

Новости
09-Июнь 2021-ж.
4483

Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) интеграциянын базалык элементи техникалык жөнгө салуу болуп саналат.

Техникалык жөнгө - салуу-бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда өз ара соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды алып салууга багытталган, ЕАЭБ аймагында товарлардын бирдиктүү рыногун түзүүнүн негизги элементтеринин бири.

ЕАЭБ алкагында жүгүртүүдөгү продукциянын коопсуздугу техникалык регламенттерди кабыл алуу жана колдонуу жолу менен камсыз кылынат.

Техникалык регламент - Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кабыл алынган жана Техникалык жөнгө салуу объекттерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон коопсуздук талаптарын белгилеген документ.

Стандарт - техникалык регламенттерди ишке ашыруунун куралы; продукциянын мүнөздөмөлөрү, изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелери жана методдору, үлгүлөрдү тандап алуунун эрежелери, терминологияга, символикага, таңгактоого, маркалоого же этикеткаларга жана аларды басуу эрежелерине талаптар белгиленген документ.

Техникалык регламенттер продукциянын коопсуздук көрсөткүчтөрүн белгилейт, ал эми даярдоочу тарабынан тиешелүү тизмелерге киргизилген стандарттарды колдонуу техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.

Стандарттардын улуттук маалымат фонду 28952 стандарттарды камтыйт.

2021-жылдын 7-июнуна карата ЕАЭБдин алкагында 49 техникалык регламент кабыл алынган, ББ/ЕАЭБдин 43 техникалык регламенти күчүндө, ЕАЭБдин 6 ТРи 2021-2022-жылдар аралыгында 15 техникалык долбоорун иштеп чыгууда күчүнө кирет.

ЕАЭБдин күчүнө кирүүчү техникалык регламенттери

Кирүү датасы

Техникалык регламенттин аталышы

ЕАЭБ ТР 041/2017 күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет

“Минералдык жер семирткичтерге талаптар жөнүндө”

(039/2016 ЕАЭБ ТР)

06.02.2021

(химиялык заттарды каттоонун жол-жобосу кабыл алынган шартта)

“Химиялык продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” (041/2017 ЕАЭБ ТР)

01.01.2022

“Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө” (046/2018 ЕАЭБ ТР)

01.01.2022

“Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” (047/2018 ЕАЭБ ТР)

01.09.2022

“Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө” (048/2019 ЕАЭБ ТР)

2021-жылдын 1-июлунан

“Суюк жана газ түрүндөгү көмүр суутектерин ташуу үчүн магистралдык өткөрмө түтүктөргө талаптар жөнүндө” (049/2020 ЕАЭБ ТР)


Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ар бир техникалык регламентине карата стандарттардын эки тизмеси бекитилди:

Биринчи тизмеге техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын ыктыярдуу негизде камсыз кылуучу стандарттарды аткаруу киргизилген. 

Экинчи тизмеге өлчөө методдорунун стандарттары жана сыноо процедуралары кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу