Варшава шаарында КР Экономика министри экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз – польша өкмөт аралык комиссиясынын 3-отурумуна катышып жатат.

Новости
21-Октябрь 2013-ж.
2605

2013-жылдын 22-23-октябрында Польша Республикасынын Варшава шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-польша өкмөт аралык комиссиясынын 3-отурумун башкарат. Ал эми комиссиянын Польша тарабын Польша Республикасынын Экономика министринин орун басары Анджей Дыха башкарат.

Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө тараптар 2012-жылдын 27-28-июнунда Бишкек шаарында болуп өткөн кыргыз-польша комиссиясынын 2-отурумунун протоколун ишке ашыруу жыйынтыгын чыгарышат.

Комиссиянын 2-отурумунун келишимдеринин алкагында кыргыз-польша кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралар ишке ашырылганын белгилей кетүү керек.

Анын ичинде болуп өткөн жолугушуулар: Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмдарынын жана бизнес форумдун министрлик конференциясынын “Евразия атаандаштыгы” Программасында кыргыз тараптын катышуусунун алкагында Польша Республикасынын премьер-министри жана экономика министри Януша Пехочиньский менен КР биринчи вице-премьер-министринин жолугушуусу (2013-жылдын 26-28-июну Варшава шаары); КР Соода – өндүрүш палатасынын жана Польшанын Ишкердикти өнүктүрүү агентствосунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимине кол коюулду (2013-жылдын 16-сентябры); Кыргыз Республикасы үчүн польша насыясы тууралуу маселелери боюнча кыргыз-польша жумушчу тобунун отуруму (2013-жылдын 5-6-сентябры ); ПР Экономика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан КР мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин өкүлдөрү үчүн экономикалык алга жылуу тармагында польша тажрыйбасы маселелери боюнча семинар болуп өттү (2013-жылдын 7-8-июлу); Стандартизация боюнча Польша комитетинин эксперттери тарабынан КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн стандартташтыруу тармагында жана анын ичинде курулушка жана НАССРге тийиштүү окутуу курстары өткөрүлүп жатат.

Бул курстар 2013-жылдын ноябрь айында аяктайт; Бишкек шаарында GIZ менен Польшанын Маалымат жана чет элдик инвестициялар агенттигинин кызматташтыгы алдында алардын өкүлдөрү тарабынан КР борбордук жана жергиликтүү административдик органдарынын өкүлдөрү үчүн түз чет элдик инвестицияларды тартуу жана бул тармактагы польша тажрыйбасы менен бөлүшүү маселелери боюнча окутуу курсу болуп өттү.

Комиссиянын 3-отурумунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-польша карым-катнашын өнүктүрүү боюнча төмөндөгүдөй маселелерди карап чыгышат, алар: финансы, техникалык жардам жана окутуу, салык жана бажы маселелери, транспорт, кичи жана чоң иш каналар, айыл чарба, туризм, техникалык жөнгө салуу жана метрологиялык көзөмөл, айлана чөйрөнү коргоо, калкты социалдык камсыздандыруу, саламаттыкты сактоо.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу