Санкт-Петербург шаарында XXIV Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жатат

Новости
03-Июнь 2021-ж.
2750

Белгилүү болгондой 2021-жылдын 2-5-июнуна чейин Санкт-Петербург шаарында - XXIV Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жатат.

Кыргыз тараптан аталган форумга Экономика жана финансы министринин Биринчи орун басары Д. Ш. Иманалиев, КМШ Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыйгарым укуктуу өкүлү - Н.А. Сатвалдиев жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.К. Самат катышууда. Форумдун алкагында кыргыз делегациясы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Форумдун борбордук иш-чарасы пленардык жыйын болот, анда Россиянын Президенти Владимир Путин сөз сүйлөйт.

Ошондой эле, иш-чарага Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани жана Австриянын Федералдык канцлери Себастьян Курц катышышат. Катышуучуларга Аргентинанын президенти Альберто Фернандес жана Бразилиянын президенти Джаир Болсонаро видео аркылуу кайрылышат.

Маалымат үчүн: Петербург эл аралык экономикалык форуму (ПЭЭФ) - бул экономика жана бизнес дүйнөсүндөгү уникалдуу окуя. ПЭЭФ 1997-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, ал эми 2006-жылдан тартып Россия Федерациясынын Президентинин катышуусу менен өткөрүлүп келет.

Ушул жылдар аралыгында Форум бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы баарлашуу жана негизги экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн алдыңкы дүйнөлүк аянтча болду.

Петербург эл аралык экономикалык форумунун программасынын алкагында жыл сайын ири көчмө иш-чаралар, ишкердик форумдар, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтүп турат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу