Экономика министрлиги экономикалык болжолдоо тармагында адистердин кудуретин арбытуу боюнча ишин улантууда.

Новости
16-Октябрь 2013-ж.
2582

"SDC11376"КР Экономика министрлиги тарабынан облустардын жана райондордун экономикалык өнүгүүсүн болжолдоо жана макроэкономикалык болжолдоо боюнча иштелип чыккан усулдук колдонмонун алкагында заманбап инструменттер аркылуу адистердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу маселелери тууралуу методикалык жардам көрсөтүү максатында, Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу тармагынын дараметин жогорулатуу” долбоорунун колдоосу менен болжолдоо процессинде иштеген облустук жана райондук башкармалыктардын, Министрликтин регионалдык бөлүмдөрүнүн экономикалык блогунун кызматкерлери үчүн семинарлар өткөрүлөт.

Программа боюнча 4 регионалдык топ үчүн окутуу семинары: (1-топ Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондору үчүн; 2-топ Бишкек, Чүй жана Талас облустарынын райондору үчүн; 3-топ Ош шаары, Ош жана Баткен облустарынын райондору үчүн; 4-топ Жалал-Абад облусунун райондору үчүн), 2013-жылдын 17-октябрынан баштап Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жана райондук башкармалыктардын адистери үчүн башталды.

Ушундай семинарларды өткөрүү Экономика министрлиги тарабынан 2011-2012-жылы демилгеленген. Макроэкономикалык талдоонун жана болжолдоонун заманбап инструменттерин киргизүү көп жылдын күчтөрүн камтыйт, бирок ошентсе да каалаган жыйынтыкка жеткен жок. Бул жерде объективдүү да, субъективдүү да мүнөздөгү факторлор таасирин тийгизди. Ошону менен бирге, мамлекеттик башкаруунун институттарынын системасынын тез-тезден эле түзүмүн өзгөртүү экономисттердин дараметинин сапатына жана ишин улантып кетүү принциптерин айрыкча облустук/райондук түзүмдөрдүн деңгээлинде сактап калууга терс таасирин тийгизди.

Акрыкы эки жылдын ичинде экономикалык болжолдоо процессин тартипке келтирүү жана макроэкономикалык болжолдоонун заманбап моделдерин киргизүү маселелери бир кыйла алдыга жылды. Ошону менен бирге экономикалык болжолдоонун мамлекеттик системасы жана КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоону иштеп чыгуу тартиптери бекитилген (11-ноябрдагы №711 КРӨ токтому), ал төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет: болжолдоо процессин регламентациалаган калыбы жана жол-жоболору боюнча катышуучулардын өз ара аракеттешүүсүн так курууга; болжолдоону иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын аракетинин макулдашпагандыгын четтетүүгө; регламент менен бекитилген бюджеттик процессти бир жарым айга эрте озуп экономикалык болжолдоону өз убагында түзүүгө; экономикалык болжолдоону облустук жана райондук деңгээлде түзүүгө; экономикалык болжолдоонун “кабинеттик” вариантын түзүүдөн четке чыгууга.

Ошондуктан Экономика министрлиги экономикалык болжолдоо тармагында адистердин кудуретин арбытуу боюнча ишин улантууда. Ушул өткөрүлүп жаткан семинардын сабактарында катышуучуларга иштелип чыккан усулдун алкагында форматтар жана көрсөткүчтөр тууралуу экономикалык болжолдоо боюнча билимдерин бекитүү алдыда турат.

Негизги маселелер:
 Облустардын жана райондордун өнүгүүсүн экономикалык болжолдоо боюнча региондорду усулдук камсыздоо маселелери боюнча сереп чыгаруу;
 Облустук/райондук деңгээлде экономиканын территориалдык (райондук) бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине болжолдоо ыкмаларын үйрөтүү;
 Тажрыйба жүргүзүү сабактарынын алкагында катышуучуларга сунушталган усулдар жана ыкмалар боюнча базалык билимдерди жана болжолдоо параметрлерине эсеп жүргүзүүнү үйрөтүү.

Жыйынтыгында катышуучулар усулдар жана ыкмалар боюнча базалык билимдерди алышат жана болжолдоо параметрлерине эсеп жүргүзүүнү үйрөнүшөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу