Министр Т. Сариев кыргызстандыктарды келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктайт.

Новости
11-Октябрь 2013-ж.
2339

Урматтуу мекендештер!


Келе жаткан ыйык майрам бизди кайрымдуулукка чакырып, өз ара түшүнүүнү жана рухий биргелешүүнү бекитет. Ал бизге адамдын баардык тарыхын эске түшүрөт жана биздин бийик адеп-ахлакка, тазаланууга жана жаңыланууга умтулуубузду колдойт.

Сиздерге тынчтык, кубаныч, ийгилик жана береке, жакшылык жана жыргалчылыкты каалайм!
Айтыңыздар маарек болсун!

“Дем алыш жана жумуш иштелбей турган майрамдык күндөрдү туура колдонуу максатында, эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 2013-жылдын 14-октябрындагы (дүйшөмбү) иш күнү тиешелүү түрдө 2013-жылдын 12-октябрындагы (ишенби) дем алыш күнүнө которулсун.

Курман айтты майрамдоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында 2013-жылдын 15-октябрында болуп өтөт”.

Ошого байланыштуу кыргызстандыктар 13-октябрдан баштап 15-октябрга чейин эс алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу