24 - октябрь – Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлеринин күнү

Новости
21-Октябрь 2013-ж.
2584

Кыргыз Республикасы үстүбүздөгү жылдын 24 – октябрында мамлекеттик стандартташтыруу жана метрология системасынын 86 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкери күнүнүн 17 жылдыгын белгилейт (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1996-ж. 1- октябрындагы № 449 токтомунда белгиленген).

Жалпыга белгилүү болгондой, стандартташтыруу жана метрология өлкөнүн экономикасында негизги позициялардын бирин ээлейт жана өндүрүштүн кайра калыбына келтирүүгө багытталган ички жана сырткы рынокто ата мекендик товарларды эффективдүү илгерилетүүгө өз ара кирешелүү соодада техникалык жолтоолорду жокко чыгаруу менен мамлекеттер ортосунда бирге аракеттешүүсүн кеңейтип, Кыргыз Республикасынын өнүгүү стратегиясынын жобосун ишке ашырууда чоң салымын кошот.

Стандартташтыруу жана метрологиянын улуттук системасы дайыма өнүгүү менен бирге биринчи ирет рыноктун талаптарына, чет өлкөлүк эң жакшы тажрыйбаларга жана эл аралык талаптарга таасир берет.

Стандартташтыруу чөйрөсүндө
Бүгүнкү күндө стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын милдети стандартты маалыматтын негизги булагынын ролу катары сактап калуу эмес, андыктан стандарттарда гана техника чөйрөсүндө, технологияда жана практикалык тажрыйбалардын жетишкендиктеринин негизинде эреже жана өлчөмдөр концентрацияланган, бирок ар бир өндүрүүчүгө билдирүү үчүн стандартташтыруу жана метрологиянын аспекттерине ээ болуу керек бул продукциянын конкуренттүүлүккө жөндөмдүүлүгүн камсыздайт, элдин өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуз экендигине кепилдик берет, зыяндуу таасирлерден айлана чөйрөнү коргойт, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы, алардын алдын ала сактоо жана алардын натыйжасын жоготуу болуп эсептелинет.

Мындан сырткары 14-октябрь Дүйнөлүк стандарттар күнү болуп белгиленип жүрөт. Салтка айланып калгандай ар бир жылы анын айланасында өткөрүлгөн иш чаралар «Эл аралык стандарттар прогрессти камсыздайт» деген жалпы ураандын негизинде топтолот.

Эл аралык стандарттар адам баласына иштеп чыгуу процессин жөнгө салат жана продукциясын даярдоо, сыноо, эксплуатациялоо жана утилизациялоо, продукциянын коопсуздук аспектилерин жана техникалык мүнөздөмөлөрүн аныктайт. Стандарттардын жардамы менен өндүрүлгөн продукция адам баласы керектөөчү күнүмдүк жашоодо, байланышта, транспортто, азык-түлүк, кийим-кече жана башкаларды канааттандырууну камсыздандырат. Эл аралык стандарттар өндүрүүчүлөргө эл аралык рынокко чыгууга ишенич берет.

Метрология чөйрөсүндө
Метрология – бул туура жана тастыкталган өлчөмдөр менен бизди камсыздаган илимдин чөйрөсү. Дүйнөлүк рыноктогу товарлардын глобализациясы жана Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү ата мекендик рынокто сапаттуу товарларды гана колдонбостон аларды чет өлкөгө алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн болушуна өбөлгө түзөт. Бул үчүн Метрология боюнча Улуттук орган ишке ашырган калибровка жана өлчөмдөрдүн эл аралык даражада тастыкталганы негизги керектелүүчү звено болуп саналат.

Ошондуктан «Мамлекеттик метрологиялык уюмдардын Евро-Азиалык биргелешип иштешүүсү» ишинде Стандартташтыруу жана метрология борбору активдүү катышууда. 2005-жылдан баштап Кыргызстан метрологиянын мыйзам чыгаруу боюнча эл аралык уюмуна корреспондент-мүчөсү катары киргизилген.
«Соодада жана өндүрүштө техникалык жолтоолорду кыскартуу» долбоору менен Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган, физ-химиялык, убакыттык, электрдик, узундук, басымдык, температуралык, массалык лабораториялар жаңы жабдыктар менен модернизацияланган жана реконструкцияланган.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун аймактык бөлүмдөрү, Стандартташтыруу жана метрология борборунун эталондук лабораториялары жабдылгандан кийин жана Мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө өздөрүнүн өлчөө каражаттарын Казакстан Республикасына текшерүүгө алып барбастан, Кыргызстанда калибрлөө мүмкүнчүлүгүн алышты.(ОАО “НаЦЭКС”Алмата ш.)

Борбордук Азия мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан биринчилерден болуп эл аралык талаптарга ылайык Стандартташтыруу жана метрология борборунун масса жана температура лабораторияларына калибрдик кызматтарды көргөзө баштаган.

Азыркы мезгилде, масса жана температура лабораториясынын кызматкерлери Борбордук Азия мамлекеттеринде эксперт катары тартылууда.

Мамлекетте өлчөмдөрдү эл аралык таануудан өткөрүү, сыноодон өткөн жана сертификацияланган продукцияларды таануу мүмкүнчүлүгү республикага камсыздалат, ошону менен бирге биздин өндүрүүчүлөргө товарды кошумча сертификатсыз чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берет башкача айтканда “товар бир жолу текшерүүдөн өтүп бардык жерде кабыл алынат” деген шартта иштелет.

Метрологиянын мындан ары өнүгүүсүнө, республиканын экономикасынын эффективдүү өнүгүүсүнө шарттардын бири катары, жаңы жана жок болуп кеткен өлчөмдөрдүн түрлөрүн калыбына келтирип өздөштүрүү, алардын тактыгын жана аныктыгын жогорулатуу үчүн дайыма эмгектенүү керек.

Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктары
Продукциялардын жана кызматтардын сапатын жогорулатууга стимулдаштыруу максатында, конкуренттүүлүккө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сапат менеджменти эффективдүү заманбап ыкмасын колдонуу менен Кыргыз Республикасы 1997-жылы биринчи жолу, КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Россия Федерациясынан кийин экинчи болуп Кыргыз Республикасынын сыйлыгына изденүүгө сапат боюнча сынак уюштурулган. (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 18.08.1997-ж. № 478 токтомунан «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлык уюштуруу жөнүндө»).

Кыргыз Республикасынын сыйлык берүү боюнча кеңешинин 2013-жылдын 11-январь №16-06 токтомуна ылайык 2013-жылы сынак төмөндөгү 3 номинация боюнча өткөрүлөт:
- Сатылуучу товарлардын жана айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү;
- Элдик керектөөчү товарлардын өндүрүшү (тигүү өндүрүшү жана эмерек өндүрүшү);
- кызматтар (туристтик жана мейманкана кызматтары).

2013-жылдын Кыргыз Республикасынын сыйлыгынын изденүүсүнө Эксперттик комиссия катышуучулардын сынак баасы боюнча иш чара жүргүздү. 2013-жылдын Кыргыз Республикасынын сыйлыгына изденүүсүнө эксперттик комиссия катышуучулардын сынак баасы боюнча Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлык берүү кеңешинин сунушу даярдалды.
2013-жылдын 29-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгына изденүүсү” сынагынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн 2013-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлык берүү кеңешинин жыйналышынын өткөрүлүүсү пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу