Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы

Новости
04-Май 2021-ж.
3724

2021-жылдын 29-30-апрелинде Казан шаарында (Татарстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары-ЕӨАК) жыйыны болуп өттү, анын күн тартибине 12 маселе коюлду. Кыргыз тараптан жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Марипов катышты.

ЕӨАК талкуулоонун жыйынтыгында:

- өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары 2025-жылга чейин бекитилди;

- сериялык продукциялардын келип чыгышы сертификатын колдонуу мөөнөтүн 2022-жылдын 1-августуна чейин узартылды; 

- ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен бирдикте Комиссияга 2021-жылдын 4-кварталында ЕАЭБ органдарынын мурда кабыл алынган актыларын эске алуу менен тышкы жана өз ара электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча комплекстүү сунуштарды кароо үчүн киргизүү EӨАКке тапшырылды;

- товарларды экспорттоо үчүн белгиленген бир тараптуу тарифтик эмес чаралардын жакындашуусу боюнча консультацияларды өткөрүү, ошондой эле экспорттук бажы алымдары жана анын натыйжалары боюнча, улуттук деңгээлде зарыл чечимдерди макулдашылган кабыл алуу маселесин карап чыгуу тапшырылды;

- ЕЭКтин Кыргыз Республикасындагы коллегиясынын жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин колдоду: Максат Сүйүналиевич Мамытканов ЕЭК Бажы кызматташтыгы боюнча министринин кызмат ордуна, Темирбек Ишенбаевич Асанбеков ЕЭК Энергетика жана инфраструктура министринин кызмат ордуна. Жогорудагы талапкерлер Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке сунушталат.

Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйыны 2021-жылдын 19-20-августунда Кыргыз Республикасында (Чолпон-Ата шаарында) өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу