14 октябрда Дүйнөлүк стандарт күнү белгиленет.

Новости
11-Октябрь 2013-ж.
2393

Дүйнөлүк стандарт күнү жыл сайын 14-октябрда белгиленет. КР Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору маалымдагандай эл аралык стандарттар прогрессти камсыздайт.

Азыркы тапта дүйнөлүк рынокту трансформациялоону дүйнөлүк коомдон ошондой эле макроэкономикалык маселелерди чечүүдө балансты камсыздоо зарылдыгы жана климаттын өзгөрүүсүнө кечиктирилбестен бир багытта таасирденүүсүн көп кездештиребиз. Бул оор абалда оң жакка өзгөртүү жолу менен талаптарды далилдөөнүн эң эффективдүү куралы эл аралык стандарттар болуп саналат, бул жаңы дүйнөлүк рынокту өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, бизнести ишке ашырууда ылайыктуу шарттарды түзүп, экономиканын өнүгүүсүн тездетет, ошондой эле климаттын негативдүү натыйжада өзгөрүүсүн оңойлотот же болбосо ага адаптациялаштырат.

Экономиканын ар кайсы тармагындагы алдыңкы дүйнөлүк эксперттеринин ойлорунун консенсусунун негизинде эл аралык стандарттар көрсөтүлөт: энергетикадан жана энергетикалык эффективдүүлүктөн транспортко чейин, башкаруу системасы, климаттын өзгөрүүсү, саламаттыкты сактоо, информациялык коммуникациялык технология жана коопсуздукту камсыздоо. Өздөрүнүн билимдерин жана тажрыйбаларын коомдун кызыкчылыгы үчүн өз эрки менен берип, адистер ушул жана башка тармактар боюнча стандарттарды иштеп чыгуу үчүн өздөрүнүн билим күчтөрүн биргелештирип, бүткүл дүйнө боюнча инновациялар менен алмашууну жүзөгө ашырууга аны менен бирге бизнеске, өкмөткө жана коомго оң тарапка өзгөрүүнүн ишке ашуусу үчүн ишенимдүү негиз түзөт.

Алдынкы практикалык үлгүлөрдү бекемдөө менен Стандарттар өнүккөн өлкөлөрдө бат экономикалык өнүгүүнү кармап турат, ал «велосипед ойлоп таппоого» мүмкүндүк берет. Урбанизация менен экономикалык өсүүнүн ортосундагы өз ара тыгыз байланышын эске алып, стандарттар экологиялык туруктуу инфраструктура жана интеллектуалдуу жардам менен шаарларды колдоо суроосунда негизги роль ойной баштады, бул жашоо шартын дагы да ыңгайлаштырат.
Эл аралык стандарттар физикалык жактан чектелген адамдар үчүн продукциялар, кызматтар жана айлана чөйрө менен байланышын жеңилдете турган шарттарды түзөт.
Ошондой эле стандарттар климаттык өзгөрүүнүн энергетикалык эффективдүүлүктүн жогорулашы менен бирге таштандылардын көлөмүнүн азайышынын куралы болуп саналат. Стандарттар электроэнергиялык булактардын жаңылануусун пайдалануу менен электроэнергияны кайра иштеп чыгуу алдыңкы тажрыйбасы менен алмашуусун камсыздандырат, утилизацияда жана таштандыларды кайра иштетип чыгууда заманбап талаптар берилет, ошондой эле өнөр жайдын бардык тармактарында эффективдүүлүктүн жогорулатуучу жана экологиялык туруктуулуктутун куралы болуп саналат.

МЭК, ИСО жана МСЭ сыяктуу стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдар көптөгөн улуттук жана регионалдык стандарттардын келишимдерин камсыз кылат, муну менен бирге алдынкы дүйнөлүк практиканы ылайыктап, соодада техникалык жолтоолорду четке кагып, бүткүл социалдык – экономикалык прогресске көмөк көрсөтөт.
Аягында бул бардык оң жыйынтыктар керектөөчүлөргө тандоо мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү, сапаттын жогорулашы жана баанын төмөндөшү түрүндө жетет .
Бүгүнкү күндө МЭК, ИСО жана МСЭ стандартташтыруунун убакыт менен сыналган артыкчылыктарын колдонушат.

Азыркы күндө эл аралык стандартташтыруунун негизинде жаткан принциптер актуалдуу болуп саналат. Стандарттар маалыматтарды алмашуудагы жана иштешүүдөгү жолтоолорду жокко чыгарып,оң өзгөрүүлөрдүн куралы болуп калууда, ал эми МЭК, ИСО жана МСЭ иш аракеттери стандарттарды иштеп чыгууда негизги ролду ойнойт, бул билимди бүткүл дүйнөгө таратууга жардам берет, ошондой эле глобалдуу экономикалык өнүгүүнүн ажыратылгыс фактору болуп саналат.

“Дүйнөлүк стандарттар 2013 күнүнө арналган плакат”

"deni"

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу