Баткен облусуна социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын жана күйүүчү-майлоочу майларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана Кыргызстандын бизнес-коомчулугу тарабынан колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон чаралары жөнүндө

Новости
30-Апрель 2021-ж.
2574

Бүгүн, 30-апрелде Экономика жана финансы министрлигинде бизнес коомчулугунун демилгеси менен министрдин биринчи орун басары Д.Иманалиевдин төрагалыгы астында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары А.Джунушалиевдин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.


Жолугушуунун күн тартибинде Баткен облусуна социалдык жактан маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштуруу маселелери, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун жабырлануучуларына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар каралды.


Ошондой эле, КР Өкмөтү тарабынан Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө жабыркаган калкка колдоо көрсөтүүгө тийиштүү юридикалык жана физикалык жактардан түшүп жаткан кайрылууларга байланыштуу, ыктыярдуу негизде түшүп жаткан акча каражаттарын топтоо үчүн “Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты” атайы эсеби ачылды.


Баткен облусунун тургундарына колдоо көрсөтүү үчүн акча каражатын ыктыярдуу негизде которууну каалаган юридикалык жана физикалык жактар төмөндө көрсөтүлгөн эсептерге акча каражатын которо алат.


Улуттук валютадагы эсептин реквизити (сом):

Алуучу банк: Баткен аймактык башкармалыгы;


БИК 440001; 


ИНН 01312199910086.


Эсеп номери № 4409021103005073 “Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты”


Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”

Чет элдик валютадагы мультивалюталык эсептин реквизиттери (АКШ доллары):

Correspondent Bank

Federal Reserve Bank of New York, New York, USA

SWIFT: FRNYUS33

Beneficiary bank

National Bank of the Kyrgyz Republic,  Bishkek, Kyrgyz Republic, 168, Chui Str., 720040 Bishkek, Kyrgyz Republic

SWIFT: NBKIKG22 

Correspondent account number: 0210-8671-5

Beneficiary

Central Treasury of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic

Beneficiary account

№ 1013350100590106


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине аймактагы социалдык мааниге ээ товарлардын бааларынын деңгээлин тезинен көзөмөлдөө жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө тапшырмасы берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу