Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Кармышаков Россия Федерациясынын Финансы министринин орун басары, РКӨФ кеңешинин төрагасы Т.Максимов менен жолукту

Новости
28-Апрель 2021-ж.
2280

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Кармышаковдун 2021-жылдын 28-апрелиндеги Москва шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Финансы министринин орун басары, РКӨФ кеңешинин төрагасы Т.Максимов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер аралык финансы-экономикалык чөйрөдөгү өз-ара кызматташуунун негизги маселелери, учурдагы жана пландаштырылган долбоорлор талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыялык-инвестициялык ишин толук кандуу жандандыруу, корпоративдик башкаруу маселелери, Фонддун каржылык моделин жаңылоо ж.б. болду.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Россия Федерациясына 2021-жылдын 24-25-февралында болгон иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн келишимдерди натыйжалуу ишке ашырууну улантуу максатында өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу