Кожомкул атындагы спорт сарайында Курман айт майрамына карата адал продукциясынын көргөзмө – жармаңкеси болот.

Новости
09-Октябрь 2013-ж.
2438

Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгынын алдындагы Кыргызстандын Адал өнөр жай борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте 2013-жылдын 13-октябрынан баштап 15-октябрына чейин Кожомкул атындагы Спорт сарайында саат 10:00дө Курман айт майрамына карата адал продукциясынын көргөзмө – жармаңкеси болуп өтөт.

Бул көргөзмөнүн максаты болуп ислам баалуулуктарын популяризациялоо, ата мекендик рынокто адал продукциясын өндүрүүнү жана сатууну өнүктүрүү саналат. Өндүрүү компаниялары үчүн көргөзмөгө катышуу бул - өзүнүн продукциясына ишенимдүүлүгү, товарлардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын жогорку сапатынын көрсөткүчү жана жаңы өнөктөр менен ишмердүүлүк байланышын тартипке келтирүү.

Бул жармаңке ыйык Курман айт майрамына карата уюштурулган, аны менен бирге жармаңке тынчтыкты, достукту, туруктуулукту бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасында адал өнөр жайын өнүктүрүүгө жардам берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу