Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын сатып алуу жол жоболору боюнча семинар башталды.

Новости
07-Октябрь 2013-ж.
2309

"IMGБүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында эки күндүк семинар башталды, ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн Азия өнүктүрүү банкынын сатып алуу иштеринин жол жоболору жана тартиптери менен тааныштырууга багышталган.

Семинардын ачылышына мамлекеттин экономика министри Темир Сариев , Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Абдыгулов жана Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы катышышты.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө, министр Темир Сариев республиканын территориясында Азия өнүктүрүү банкы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо эң негизги мааниге ээ экендигин белгиледи.

Ислам банкы каржылаган долбоорлордун негизги секторлору: транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдарды жеңүү ж.б.

Министр Т.Сариев долбоорлор боюнча тунук, бат жана эффективдүү сатып алууларды өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи, анткени бул багыттар долбоорлордун ийгилигине таасирин тийгизет. Аны менен бирге бул окутуучу тренинг функционалдык милдети АӨБ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында, сатып алуу жол жоболорун өткөрүүнү жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин ишинин эффективдүүлүгүнө өзүнүн үлүшүн киргизет.

"IMGӨкмөт Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Абдыгулов Вице-премьер-министр Т. Сарпашевдин атынан саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү, ал бардык катышуучулар менен саламдашып, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн АӨБкө ыраазычылыгын билдирди аны менен бирге мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүтүн айтып өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу