Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Wildberries компаниясынын жана www.wildberries.ru соода аянтчасына түздөн-түз катталуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын электрондук соода бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Новости
02-Апрель 2021-ж.
3890

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министрдин орун басары Э.Алишеров Вайлдберриз (Wildberries) компаниясынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын электрондук соода бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда www.wildberries.ru онлайн соода аянтчасына тиешелүү маселелер талкууланды.

Тараптар ушул жылдын май айынын ортосуна чейин Вайлдберриз (Wildberries) компаниясы маркетплейстеги (Россия Федерациясындагы юридикалык жаксыз) кыргыз ишкерлерин “түздөн-түз” каттоону баштай тургандыгы жөнүндө келишимге жетишишти. Буга ылайык, кыргыз ишкерлери Вайлдберриз (Wildberries) онлайн соода аянтчасында ишкердик ишин жүргүзүү максатында түздөн-түз каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түздөн-түз каттоодон өтүү менен кыргызстандык жеткирүүчүлөрдүн саны көбөйүп, Вайлдберриз (Wildberries) аркылуу сатылышы күтүлүүдө.

Вайлдберриз (Wildberries) ЕАЭБ аймагында ири онлайн-ритейлер жана Россиянын алдыңкы IT -компанияларынын бири болуп саналат. Компания өз ишин Кыргызстанда 2017-жылдан бери жүргүзүп келет. Кыргызстандын аймагында буйруктарды берүүчү 11 пункт бар. Wildberries кыргызстандык өндүрүүчүлөргө товарларын өзүлөрү иштеген 12 тышкы рынокко (Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Германия, Франция, Италия, Испания, Польша, Словакия, Украина, Израиль) экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын 120дан ашуун ишкерлери www.wildberries.ru соода платформасы аркылуу өз продукцияларын ийгиликтүү ишке ашырышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин көмөгү менен Электрондук соода ассоциациясы жана “Вайлдберриз (Wildberries)” жоопкерчилиги чектелген коому кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшуп, өз ара кызматташуунун төмөнкү багыттарын аныкташты:

Интернет-сооданы Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу;

Электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө өз ара көмөк көрсөтүү;

Кыргыз Республикасынын ишкерлерине www.wildberries.ru интернет сайты ж.б аркылуу товарларды түз сатуу мүмкүнчүлүгүн берүү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу