Республикалык бюджетти колдоо депозиттик эсебине түшкөн каражаттар боюнча жалпы маалымат

Новости
30-Март 2021-ж.
3622

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы №5 токтому менен “Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө” Жобо бекитилген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында республикалык бюджетти колдоого түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануу үчүн депозиттик эсеп ачылган.

Жогоруда аталган Жобого ылайык депозиттик эсептен каражаттарды пайдалануу максаттуу багытын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-мартындагы №70 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында депозиттик эсеп ачылган.

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө” Жобого ылайык түшкөн каражаттар максаттуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн гана арналган жана бул эсептерде топтолгон акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

2021-жылдын 26-мартына карата республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке 1 665 353 728,97 сом түшкөн.

Алардын ичинен:

- 1 535 340 287,20 сомду укук коргоо органдарынан алынган каражаттар түздү;

- юридикалык жактардын ыктыярдуу акча каражаттары 66 200 000 сомду түздү;

- жеке жактардын ыктыярдуу акча каражаттары 63 813 441,77 сомду түздү.

Ушуну менен КРӨнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8-б буйругуна ылайык республикалык бюджетке 722 812 191,89 сом которулгандыгын маалымайбыз. 2021-жылдын 26-мартына карата депозиттик эсепте акча каражаттарынын калдыгы 942,541,537.08 сомду түзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу