Оптомаркет “Шекер” (ЖИ Ж.Ж.Самышова) жана Кыргыз Республикасынын шекер керектөөчүлөр ассоциациясы социалдык маанилүү товарларга болгон бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту

Новости
24-Март 2021-ж.
3753

2021-жылдын 23-мартында Оптомаркет “Шекер” (ЖИ Ж.Ж.Самышова) жана Кыргыз Республикасынын шекер керектөөчүлөр ассоциациясы Соода түйүнүн түзүү жолу менен азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттердин ортосунда буга чейин түзүлгөн азык-түлүктүн бааларын кармап туруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту, ал 2021-жылдын 9-мартынан 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

Макулдашуунун предмети - азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү:

- күн карама майы (премиум сегментсиз);

- 1-сорттогу;

- кумшекер;

- 1-сорттогу ундан жасалган нан.

Аталган продукцияларды КР аймагындагы соода түйүндөрүндө сатуу Макулдашууда белгиленген чекене баалар боюнча жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Макулдашууга кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу