КР вице-премьер министри - Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаковдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн мырза менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушуусу болуп өттү

Новости
18-Март 2021-ж.
2201

2021-жылдын 18-мартында КР вице-премьер министри - Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаковдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн мырза менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы учурдагы жана келечектеги кызматташтык маселелерин, атап айтканда, ЕРӨБ тарабынан каржыланган мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун учурдагы портфели жана макулдашуулардын долбоорлорунун финансылык шарттары боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маселелерди ыкчам чечүү жана долбоорлорду илгерилетүү үчүн Тараптар тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу