Экономика министрлиги өзүнүн ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Новости
30-Сентябрь 2013-ж.
2593

"IMG“Улгайып калган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү” урааны менен жыл сайын өкөрүлүүчү Эл аралык карылар күнүнүн алкагында бүткүл республика боюнча улуу муундун өкүлдөрүн куттуктоо майрамы өткөрүлүп жатат, аларга социалдык колдоолор ж.б. көрсөтүлүүдө. Ошого байланыштуу Экономика министрлиги өзүнүн ардагерлерин унутпай, жыл сайын 1-октябрда майрамдалуучу Эл аралык карылар күнүнө себептүү материалдык жардам көрсөтөт жана башка иш чаралар жана акцияларды жүргүзөт.

Бүгүн салтанаттуу түштөнүү болуп, акча сыйлыгы түрүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Министр Темир Сариевдин жана Министрликтин чоң жамаатынын атынан ардагерлерди, пенсионер-кызматчыларды Министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова куттуктап өттү, ал министрликтин дубалдарында көп жылдар бою эмгектенгендиктери жана анын түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө өз салымдарын кошкону үчүн жылуу сөздөрүн айтып, чың ден соолук, узун өмүр, бейпилдикти жана өркүндөөнү каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу