Дүйнөлүк коом 14 октябрь Дүйнөлүк стандарт күнүн белгилейт.

Новости
01-Октябрь 2013-ж.
2425

"deni"Үстүбүздөгү жылдын 14-октярында «Эл аралык стандарттар прогрессти камсыз кылат» урааны менен дүйнөлүк коом Дүйнөлүк стандарт күнүн белгилейт.

Жыл сайын белгиленген Дүйнөлүк стандарт күнү коомдун көңүлүн азыркы убакта актуалдуу болгон бирдиктүү эл аралык стандарттарды түзүүгө буруп, күнүгө бул тармакта иштеп жаткан он миңдеген адистерге тийиштүү ыраазычылыгын билдирет.

Экономиканын ар кайсы тармагындагы дүйнөлүк алдынкы эксперттеринин ойлорунун консенсусунун негизинде эл аралык стандарттар көрсөтүлөт, алар: энергетикадан жана энергетикалык эффективдүүлүктөн транспортко чейин, башкаруу системасы, климаттын өзгөрүүсү, саламаттыкты сактоо, информациялык коммуникациялык технология жана коопсуздукту камсыздоо.

Булар инновациялар менен алмашуусуна жана оң тарапка өзгөрүүсүн ишке ашуусуна бизнеске, өкмөткө жана коомго ишенимдүү негизин түзөт.

Эл аралык стандарттарды бардык күч менен киргизүүнү сунуштайбыз, бул жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун Техникалык регламенттер жана стандарттар улуттук маалыматтык фондунан алсаңыздар болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу