Кыргыз Республикасында электромобилдерди киргизүүнүн келечеги

Новости
26-Февраль 2021-ж.
2871

2021-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде БУУӨПтүн каржылык колдоосунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту (ИИЭП) тарабынан уюштурулган, Кыргыз Республикасында электромобилдерди жайылтуунун келечеги боюнча консультациялык-техникалык жолугушуу өткөрүлөт. 

Иш-чаранын алкагында ИИЭПтин директору Исанов Алмаз Насирдиновичтин жана БУУӨПтүн программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Жолдубаева Лиранын катышуусунда изилдөөнүн жыйынтыктарын талкууланат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында абага бөлүнүп чыгуучу газдардын көбөйүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп автоунаалардын саны жана алардын сапаты эсептелет. Парник газдарынын чыгындыларынын 28%ын транспорт сектору, ал эми Бишкек сыяктуу шаарлардын абаны булгоочу заттары 75% ын түзөт. Өлкөдөгү көпчүлүк коомдук транспорт каражаттары өзүнүн кызмат өтөө мөөнөтүнөн бир топ өткөндүктөн алмаштырууга муктаж. Коомдук автобустар жана кичи автобустар көбүнчө дизелдик отун менен иштешет, ал эми дизелдик кыймылдаткычтар көбүнчө Евро IV же андан төмөн стандарттарга гана жооп берет. 

Чыгындыларды төмөндөтүү үчүн электр транспорттук каражаттарын киргизүү чечими максатка ылайыктуу болуп саналат. Бирок, бир катар көйгөйлөр жана тоскоолдуктар бар, алар кадимки автоунааларга салыштырмалуу автоунаанын кымбат баасы, ички күйүүчү кыймылдаткычтары бар (ички күйүүчү мотор), кубаттоочу инфраструктуранын жоктугу, кубаттоочу станцияларды туташтыруу үчүн техникалык шарттарды алуу, калк арасында жалпы маалымдуулуктун жетишсиздиги, ошондой эле бул тармакка мамлекет тарабынан колдоонун жоктугу. 

Мамлекеттик сектордун, бизнес-коомчулугунун, донорлордун жана эксперттердин жолугушуусунда, учурдагы тоскоолдуктар, чечимдер жана Кыргыз Республикасында электр транспортун жайылтууну тездетүү боюнча сунуштар талкууланат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу