Ош шаарында жергиликтүү калктын жана тоо кендерин казып чыгаруучу компаниялардын өз ара мамилелери: көйгөйлөрү жана перспективалары боюнча тегерек стол өтүп жатат.

Новости
25-Сентябрь 2013-ж.
2386

"КруглыйБүгүн 2013-жылдын 26-сентябрында Ош шаарында “Жергиликтүү калктын жана тоо кен казып чыгаруучу компаниялардын өз ара мамилелери: көйгөйлөрү жана перспективалары” темасында Экономика министрлигинин, башка мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү коомдун, жергиликтүү бийликтин жана түштүк региондордо иштеген тоо кен казып чыгарган компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өтүп жатат.

Тегерек столдун максаты болуп жергиликтүү калк менен тоо кен казып чыгаруучу компаниялардын жана жергиликтүү бийликтин органдарынын ортосунда кызматташтыкты куруу үчүн маек куруу, аны менен бирге мамлекеттик түзүлүштөрдүн, жарандык коомдун, ММК жана башка кызыктар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алардын өз ара мамилелеринин перспективасын талкуулоо саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын начальниги Алмаз Алимбеков “КР тоо кен казуу тармагынын өнүгүү перспективалары” темасында презентациясын көрсөттү, презентациянын жүрүшүндө жергиликтүү коом үчүн кендүү жерлерди иштетүүнүн эффективдүүлүгү жөнүндө айтылды. Мындан сырткары ал жергиликтүү коомдун берген суроолоруна жооп берип, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдын жоболорун жана ченемдерин түшүндүрүп өттү.

Тегерек столдун уюштуруучулары болуп "Кабар ордо" долбоорунун алкагында USAIDдын колдоосу менен, Search for Common Ground өнөктөштүгү менен, "Youth of Osh" Коомдук бирикмеси чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу