МЖӨ - агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү куралы катары

Новости
19-Февраль 2021-ж.
3146

2021-жылдын 18-февралында агроөнөр жай секторунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин илгерилетүү максатында, МЖӨ Борборунун кызматкерлери МЖӨ долбоорлорун, тендердик документтерди даярдоонун жана тендер өткөрүүнүн жол-жоболору боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде окуутуу семинарын өткөрүштү.

Аталган иш-чарага министрдин орун басары Б.Турсункулова, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Директордун орун басары У.Данилбеков, МЖӨ долбоорун даярдоо бөлүмүнүн башчысы К.Джангелдиев, улук эксперт С.Момбеков жана эксперт М.Кубанычбеков Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун жүзөгө ашыруунун мисалдары, ошондой эле жеке өнөктөштү демилгелөө, даярдоо жана тандоо жол-жоболору менен тааныштырышты. Ошондой эле, жолугушуунун алкагында мамлекеттик органдар менен жеке сектордун өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары Б.Турсункулова МЖӨнү агроөнөр жай комплексин өркүндөтүү үчүн колдонуу зарылдыгын белгилеп, лидерлердин өкүлдөрүн МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүдө ишти күчөтүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору өз ишин улантат, ошондой эле Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине агроөнөр жай комплексинде МЖӨ долбоорлорун издөө жана демилгелөө боюнча жардам көрсөтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу