Талас облусундагы муниципалдык имараттарды курууга, реконструкциялоого болгон кызыкчылыкты билдирүү жөнүндө кулактандыруу

Новости
18-Февраль 2021-ж.
3239

Талас шаардык мэриясы жана Талас облусунун мамлекеттик райондук администрациялары МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу муниципалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жаткандыгын маалымдайбыз.

Бул кулактандыруу Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамынын чегинде жеке демилге боюнча сунуштарды берүүгө кызыкдар тараптарды тартуу максатында берилди.

Негизги идея мамлекеттик активдерди, анын ичинде эскилиги жеткен инфраструктуралык объекттерди натыйжалуу пайдалануу жана калкка көрсөтүлүүчү инфраструктуралык кызматтардын сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигин эске алуу менен имараттарды куруу, реконструкциялоо жеке сектор менен мамлекеттин өнөктөштүгү аркылуу жеке инвестицияларды тартуунун эсебинен пландаштырылууда.

Долбоордун идеясына жана МЖӨ жол-жоболоруна байланыштуу бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы МЖӨ борборуна төмөнкү номерлер боюнча кайрылыңыздар:

МЖӨ борборунун телефону: (0312) 62-38-49, электрондук дарек: mirlan.kubanychbekov91@gmail.com

Талас шаарында муниципалдык имаратты реконструкциялоо.

Участоктун аянты: 0,12 га

Имараттын аянты: 760 м.кв

Баяндоо: Бул муниципалдык объект Талас шаарында, Узакбаев 5 көчөсүндө, жайгашкан. Балдар бакчасын реконструкциялоо үчүн мамлекеттик өнөктөш бул долбоорду төмөнкү себептер боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин пайдалануу аркылуу ишке ашырууга ниеттенет. Макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин жеке өнөктөш мектепке чейинки билим берүү мекемесинин инфраструктурасын талаптагыдай техникалык абалда кармайт жана бала бакчанын үзгүлтүксүз системалуу процессин камсыз кылат.

Кара-Буура коммуналдык чарба муниципалдык объектини реконструкциялоо.

Участоктун аянты: 2498,0 м.кв.

Имараттын аянты: 320 м.кв.

Баяндоо: Бул объект “Кара-Буура коммуналдык чарба” МИнин балансында турат. Брусчатка жана тротуар плиткаларын өндүрүү үчүн жеке өнөктөш мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуу менен Кара-Буура коммуналдык чарбасын киргизген муниципалдык объектини реконструкциялоого ниеттенүүдө. 

Ошондой эле Талас облусундагы муниципалдык объектилердин тизмесин тиркейбиз:

Объекттин аталышы

Жайгашкан жер

Участоктун аянты

 1

“Тай-күлүк” бала бакчасы

Талас району

7 300 кв.м

 2

Береналиев ат. Күрөш залы 

Талас району

7 542,5 кв. м

 3

Айыл өкмөттүн кампасы

Бакай-Ата району

1,3 га

 4

Дүйшөн-ата ат. башталгыч мектеби

Бакай-Ата району

3 372 кв.м

 5

Теке баатыр” спорт залы

Кара-Буура району

1 000 кв.м

 6

Амбулатория

Жерге Тал Айыл өкмөтү

Талас району

7 000 кв.м

 7

Тегирмен

Нуржанов Айыл өкмөтү

Талас району

4 939 кв.м


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу