Экономика министрлигинин кызматкерлери макроэкономикалык божомолдоо боюнча немис тажрыйбасын үйрөнүшөт.

Новости
23-Сентябрь 2013-ж.
2587

Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын жана КР Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын өкүлдөрү GIZ “Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жардам берүү” программасы жана Галль экономикалык изилдөө институту (Германия) менен биргеликте уюштурган окутуу иш чараларынын алкагында макроэкономикалык божомолдоо маселеси боюнча немис кесиптештери менен тажрыйба алмашып, алардын тажрыйбасын үйрөнүшөт жана эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуу жолдорун талкуулашат.

Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен бирге тийиштүү деңгээлде макроэкономикалык божомолдоону камсыз кылуу, божомолдоодо колдонулган ыкмаларын жана шаймандарын үзгүлтүксүз түрдө жакшыртуу жана мыктылоо, өнүккөн мамлекеттердин бул багыттагы тажрыйбасын үйрөнүү бир кыйла маанилүү болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу, GIZ “Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жардам берүү” программасы өнөктөштөрү Галль экономикалык изилдөө институту (Германия, Галле ш.) жана Германиянын Экономика жана технология федералдык министрлиги менен бирге үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрынан баштап 27-сентябрына чейин кыргыз эксперттери үчүн макроэкономикалык божомолдоо боюнча немис тажрыйбасын үйрөнүү максатында кыска мөөнөттүү окутуу иш чарасын уюштурат.

Бул иш чаранын алкагында эл аралык божомолдоо, Германиялык божомолдоодо колдонулган макроэкономикалык үлгүлөр жана оперативдүү баалоо боюнча кыска мөөнөттүү божомолдоо, божомолдоонун жүрүшүндөгү эки мамлекеттин типтүү көйгөйлөрүн ачыкка чыгаруу жана талкуулоо маселелери боюнча немис коллегалары менен жолугушуулар жана талкуулоолор каралган.

Мындан сырткары, Галль экономикалык изилдөө институту жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ортосунда мындан аркы Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык божомолдоосун жакшыртуу маселелери тууралуу кыргыз мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргызстандагы ылайыктуу кыргыз адистери жана эксперттери үчүн бир нече окуу иш чараларын өткөрүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу