Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын агымын стимулдаштыруунун жаңы механизмдерин киргизүү максатында “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Новости
14-Январь 2021-ж.
5160

Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын агымын стимулдаштыруунун жаңы механизмдерин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев жана башка депутаттар тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду. Аталган Мыйзам инвестициялоонун маселелерин козгогон төмөнкү эрежелерди карайт:

1. “Инвестициялык лоттор” түшүнүгү киргизилген, бул инвестициялык сунушту, долбоордун инфраструктурасын, активдерин, чийки зат базасын талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды камтыган демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инвесторго берилген чечимдердин жыйындысын билдирет;

2. Райондук мамлекеттик администрацияга жерлерди которуу укугун берүү аркылуу которуу жөнөкөйлөштүрүлөт.

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууну түзүү үчүн инвестициялык долбоорго инвестициялардын босогосун 10 миллион АКШ долларына чейин азайтуу. Мурда бул босого 50 млн.АКШ долл. түзгөн;

4) Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги 10 миллион сомдон ашык инвестиция салган инвесторлорго инвестициялык виза алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине арыз берүүгө укуктуу;

5) Ошол эле учурда МЖӨ жөнүндө мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралат:

- МЖӨ долбоорлору ири жана чакан долбоорлор менен чектелет;

- квалификациялык тандоого катышуу үчүн бир өтүнмө болсо жана / же ири долбоорлор боюнча тендердин жеңүүчүсүн тандоо этабында кеминде бир тендердик сунуш болсо, тендер өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилет;

- Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталат;

- МЖӨ долбоорун демилгелөө жана даярдоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт;

- коронавирустук дүйнөлүк пандемияга байланыштуу кырдаалды жана ушул көйгөйдүн натыйжасында экономикалык көйгөйлөрдү эске алып, тез арада чечүү үчүн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын республиканын аймагында өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктөштү аныктоого болот;

- долбоорлорду сапаттуу жүзөгө ашыруу максатында, квалификацияны жана сунуштарды, ошондой эле МЖӨ келишиминин долбоорун өзгөртүү боюнча тендерге катышуучулардан сын-пикирлерди алуу мүмкүнчүлүгү каралган;

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы “Эркин Тоо” газетасына 2021-жылдын 5-январында жарыяланган жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу