Айыл чарба эл аралык “Жашыл апта 2014” жармаңке-көргөзмөсү Германиянын Берлин шаарында 2014-жылдын 17-январынан тартып 26-январына чейин болот.

Новости
12-Сентябрь 2013-ж.
2462

"ger"Азык-түлүк өнөр жайынын ата мекендик өндүрүүчүлөрүн жана баардык кызыктар тараптарды 2014-жылдын 17 – январынан тартып 27-январына чейин Германиянын борбор шаары Берлинде боло турган айыл чарба эл аралык “Жашыл апта 2014” жармаңке – көргөзмөсүнө катышып кетүүгө чакырабыз.

Кыргызстан 5 жылдан бери Берлин көргөзмөсүнүн туруктуу катышуучусу болуп келет, анда эң жакшы улуттук азык-түлүк товарларын, дары чөптөрүн, органикалык жана био-продукцияларын, коньяк продукцияларын жана улуттук ичимдиктерин көрсөтүшөт. Өткөрүлгөн көргөзмөлөр биздин продукцияларга талаптар бар экенин көрсөтүп, өзгөчө суроо-талаптар бал, варенье, фасоль жана жемиштерге болоору билинди. Кыргыз бөлүгүнүн аянты 50кв.м.ди ээлейт.

Бүткүл дүйнөнүн өндүрүүчүлөрү өзүнүн бренд продукциясынын зоболосун көтөрүүгө, атаандаштарынын жетишкендиктери менен таанышууга жана жаңы продукцияны тестирлөө үчүн Жашыл аптага катышышат. Көргөзмө маанилүү саясаттык иш чара болуп эсептелет, ага дүйнөнүн 40 мамлекетинин расмий делегациялары, министрлери жана мамлекеттик катчылары барып катышышат.

Жашыл аптанын алкагында ишке байланыштуу кеңири программа болуп өтөт, ал өзүнө 300дөн ашык форумдарды, семинарларды, конференцияларды жана комитеттин отурумдарын камтыйт.

“Жашыл апта 2014” жармаңке-көргөзмөсүнө Кыргызстандын катышуусу КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, КР Экономика министрлиги, КР Соода-өндүрүш палатасы жана эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомдун (GIZ) колдоосу менен уюштурулат.
Германияда жашоо жана авиа учуу катышуучунун эсебинен.

Көргөзмөгө катышуу маселеси тууралуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомдун (GIZ) офисине кайрылыңыздар.
Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү 105, e-mail: nawi@giz.kg, тел.: (+996 312) 90 65 40. Билдирмеңиздерди 2013-жылдын 11-октябрына чейин бериңиздер.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу