Компания «Ореми-Тяжэлектромаш» электро техникалык жабдууларды өндүрүү ишин кайра баштады.

Новости
24-Сентябрь 2013-ж.
2423

"IMG«Ореми-Тяжэлектромаш» ЖЧУ үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында электро техникалык жабдууларды өндүрүү ишин кайра баштады.
Бул тууралуу бүгүн презентациянын жүрүшүндө КР Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментинин мүдүрү Болсунбек Казаков жана «Ореми-Тяжэлектромаш» компаниясынын мүдүрү Жыргалбек Сагынбаев маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймактык сотунун чечими менен 2013-жылдын 15-апрелинде «OREMI» ААК иши боюнча банкрот (кудуретсиз) деп табылып атайын администрациялоо тартиби дайындалган жана аны реструктуризация ыкмасы менен жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Төлөмөрдүн жашоого жөндөмдүү активдеринин негизинде жаңы бир юридикалык жак «Ореми-Тяжэлектромаш» ЖЧУ түзүлгөн, ал 100 ашык электро техникалык жабдуулардын түрүн трансформатор, коммутациялык техникалардан баштап ири адистештирилген электр машиналарга чейин өндүрө алат.

Ошону менен бирге өнөр жай участокторунда кийинки жумушка орношуусу менен тажрыйба топтоо жана стажировка өтүү үчүн профтехокуулардын жана жождордун студенттеринин катышуусу менен өнөр жайды карап чыгышты.

Эскерте кетсек, 1958-жылы Фрунзенин «Тяжэлектромаш» заводунун негизинде түзүлгөн «Ореми» заводу, СССРде ондогон жылдар бою электро техникалык жабдууларды өндүрүүчү эң ири заводдордун бири болуп келген.

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу