СМБда 2020-2021-жылдарга Сапат боюнча КР сыйлыктарын изденип алуу конкурсунун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын 1-жыйыны болуп өттү

Новости
06-Январь 2021-ж.
2195

2021-жылдын 5-январында Сапат боюнча КР сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңештин Техникалык катчылыгы - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору 2020-2021-жылдарга Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын изденип алуу конкурсунун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын 1-жыйынын өткөрдү.

Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу Кеңеши 2020-2021-жылдарга Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын төмөнкү номинациялар боюнча изденип алуу конкурс жарыялайт:

- Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын арасында;

- Өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илим-изилдөө мекемелери;

- Үрөнчүлүк чарбалар;

- Асыл тукум малды көбөйтүүчү чарбалар.

Эксперттик комиссиянын жыйынына эксперттик комиссия мүчөлөрү – КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин өкүлдөрү катышышты.

Бул жыйындын негизги темасы 2021-жылга карата КРнын Сапат боюнча сыйлыгын изденип алууга конкурс өткөрүү маселесин талкуулоо болду:

- Сапат боюнча КР сыйлыгынын критерийлери;

конкурска катышуунун негизги шарттары;

конкурска катышуу үчүн материалдарды берүү тартиби;

- конкурсанттарды - уюмдарды баалоо методикасы;

- жер-жерлерде сынакка катышкан уюмдардын материалдарына экспертиза жүргүзүү жана иликтөө тартиби;

конкурсанттар үчүн анкеталарды иштеп чыгуу.

Бүгүнкү күндө Кеңештин техникалык катчылыгына 30 өтүнмө келип түшкөн.

Кеңештин техникалык катчылыгына өтүнмөнү берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 30-январы.

Бардык маселелер боюнча Кеңештин техникалык катчылыгына кайрылсаңыздар болот: эл.дарекnism@nism.gov.kg, qms@nism.gov.kgaytmurzaeva@nism.gov.kg, k.aidaralieva@nism.gov.kg,. тел: 0312 66 22 81, 66 04 08, 62 57 71


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу